Кайтарым байланыш Печать
Автор: Administrator   
01.12.2011 11:10

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчилигинин  

жарандарды жеке кабыл алуу

 

Г Р А Ф И Г И

 

Кызмат орду

Ф.А.А.

Кабыл алуу күндөрү

Кабыл алуу   убактысы

Телефон

Директор

Бекташов Ч.А.

Шейшемби бейшемби

 14.00–17.00  

0 (312)      54-41-03

Статс-катчы

Сагымбаев А.А.

шаршемби

 14.00 – 17.00  

0 (312)       54-41-03

Директордун орун басары

Имсаилов З.Т.

жума

 14.00 – 17.00  

 0 (312)      54-41-03

 

 

  Ишеним телефондору 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Мамлекеттик байланыш агенттигинин 

борбордук аппараты

 

Аталышы

 

Ишеним телефону 

Жооптуу

Борбордук Аппарат  

0 (312) 54-41-03

Калчороева А.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Мамлекеттик байланыш агенттигинин

аймактык бөлүмдөрү

 

Аталышы

 

Ишеним телефону

Жооптуу

КРӨ МБА Чыгыш башкармалыгы

0 (3943)  4-31-97

Жумабекова Ж.

КРӨ МБА Түштүк башкармалыгы

0 (3222)  2-18-69

Норбатаева Г. 

 

 

 

Электрондук кабыл алуу

Жарандардан келип түшкөн Интернет-кайрылуулары

 

Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» 2007-жылдын 4-майындагы № 67 Мыйзамынан  

(КР  2013-жылдын 15-июлундагы  № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

6-1-берене. Электрондук почта боюнча келип түшкөн электрондук кайрылууларды кароо тартиби

1. Жарандардын электрондук кайрылууларын кабыл алуу үчүн мамлекеттик бийлик органы же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы Интернет тармагында өзүнүн электрондук почтасынын расмий дарегин каттайт. Мамлекеттик органдын же өз алдынча башкаруу органынын электрондук почтасынын дареги мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий сайтына, ал эми ал болбогондо – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына жайгаштырылууга тийиш.

2. Жаран өзүнүн электрондук кайрылуусунда электрондук кайрылууну жөнөткөн мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышын, же болбосо тиешелүү кызмат адамынын фамилиясын, атын, атасынын атын, же болбосо тиешелүү адамдын кызмат ордун, ошондой эле өзүнүн-фамилиясын, атын, атасынын атын (ал болсо), байланыш телефонун (үй, уюлдук же жумушчу), жашаган дарегин милдеттүү тартипте көрсөтөт, кайрылуусунун маани-маңызын баяндайт.

3. Электрондук кайрылууга көчүрмөлөрдү, анын ичинде алар боюнча электрондук файлдар жайгаштырылган (электрондук документтер, фото- жана көрмө материалдар) сканерленген электрондук документтерди, Интернет тармагындагы даректерин тиркөөгө жол берилет.

4. Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы электрондук кайрылууну алгандан кийин 3 жумушчу күндүн ичинде келип түшкөн датасын жана убактысын, берилген кириш номерин жана тиешелүү сурап-билүү телефондорун көрсөтүү менен анын кайрылуусу кароого кабыл алынганы жөнүндө же кайрылууну кароодон баш тартуу тууралуу себебин негиздөө менен жаранга электрондук билдирүү-кабарлама жөнөтөт. Андан ары электрондук кайрылуу басып чыгарылат жана андан ары аны менен иштөө мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

5. Электрондук кайрылууну кароонун жүрүшүндө электрондук кайрылууну алган кызмат адамы электрондук кат алышуу жолу менен же кайрылууда көрсөтүлгөн телефон боюнча кайрылуунун маани-маңызын тактоого укуктуу.

6. Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы электрондук жооптон тышкары жаранга жазуу жүзүндө да жооп жөнөтөт.

7. Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы төмөнкүдөй электрондук кайрылууларды карабай коюуга укуктуу:

1) ченемдик эмес лексиканы жана кемсинткен сөздөрдү, ошондой эле учурдагы мамлекеттик түзүлүштү кулатууга жана улуттар аралык жана конфессиялар аралык араздашууларды тутандырууга чакырыктар камтылгандарды;

2) ушул статьянын 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтар болбогондорду.

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик

байланыш агенттигинин директорунун 

26-март 2014-жылдагы № 44-пр

буйругу менен бекитилген

 

 

Интернет-кайрылууларга коюлган  негизги талаптар

 

1. Электрондук кабылдама жарандардан келип түшкөн Интернет-кайрылуулар төмөнкүдөй дарек маалыматтарын  камтууга тийиш:

1) Министрликтин кайрылуу багытталган түзүмдүк, карамагындагы же аймактык бөлүнүштөрүнүн аталышы же кызматкеринин аты-жөнү, кызматы;

2) кайрылган адамдын аты-жөнү;

3) кайрылган адамдын жашаган жеринин почта дареги;

4) кайрылуунун тексти;

5) кайрылган адамдын электрондук дареги (e-mail);

6) кайрылган адамдын байланышуу телефону (бар болсо);

7) кайрылган күнү.

2. Ушул  эрежелер юридикалык жактардын кайрылууларына да тиешелүү.

 3. Жарандардын аты-жөнү жана жооп жазуу үчүн почта дареги көрсөтүлбөгөн  Интернет-кайрылуулары жана юридикалык жактын жетекчисинин аты-жөнү жана почта дареги  көрсөтүлбөгөн Интернет-кайрылуулар анонимдүү деп табылат жана каралууга жатпайт.

Ошондой эле төмөнкүдөй Интернет-кайрылуулар  кароого кабыл алынбайт:

1) кайта кайрылуулар, анын ичинде оозеки жана кат жүзүндө жаӊы жүйө-далилдер же жагдайлар  келтирилбеген кайрылуулар, эгерде мурда  «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында көрсөтүлгөн тартипте толук жооптор берилген болсо;

2) Интернет-каттын көчүрмөсү корреспонденция почтасы аркылуу келип түшкөн учурда;

3) зарыл документтер тиркелбеген жана колу коюлбаган Интернет-кайрылуулар (кароонун атайын тартиби каралган кайрылууларга карата);

4) маданиятсыздыкты көрсөткөн жана  ар-намыска шек келтирген сөздөр камтылган, ошондой эле учурдагы мамлекеттик түзүлүштү кулатууга жана улуттар арасында чыр-чатак чыгарууга чакырган Интернет-кайрылуулар;

5) Ушул талаптардын  3-,4-пункттарында көрсөтүлгөн дарек маалыматынын бири  толтурулбаган учурда;

6) окууга мүмкүн болбогон Интернет-кайрылуулар.

4. «Электрондук кабылдама» бөлүмүнүн сервердик жабдуу жана программалык-техникалык камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен сайтта жайгашкан Интернет-кайрылуунун өлчөмү  тексттин символдорунун саны аркылуу (4000ге чейин) же басылган текст бир беттен ашпаган көлөмдө чектелген.

5. Кайрылуунун тексти кыскача баяндалууга тийиш. Суроо, сунуш, өтүнүч так баяндалышы абзел.

Интернет-кайрылууда ошондой эле автор мурда кайсы инстанцияларга кайрылганы, кайрылуунун жыйынтыгы көрсөтүшү абзел.

6. Интернет-кайрылуу кабыл алынгандан кийин эки жумуш күнүнүн ичинде авторго  ал көрсөткөн электрондук дарек боюнча кайрылуу кароого келип түшкөнү  же аны кароодон баш тартылганы жөнүндө (баш тартуунун себеби негизделүү менен) электрондук билдирүү кайрылуу келип түшкөн күндү, убакытты, ага ыйгарылган  кириш номерин жана тиешелүү сурап-билүү телефонун көрсөтүү менен жөнөтүлөт. Андан ары Интернет-кайрылуу ачылып, иш кагаздарын жүргүзүү жана документтердин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча башкармалыктын жооптуу кызматкери  аны менен кат жүзүндөгү кайрылуу катарында   иш жүргүзөт.

7. Интернет-кайрылуу каттоого алынган күндөн тартып 14 күндүн ичинде каралат жана катка ыйгарылган  чыгыш номурун көрсөтүү менен электрондук билдирүү түрүндө да, кат жүзүндө да (почта дарегине) жооп жөнөтүлөт. Жарандардын кайрылуусун чечүү үчүн атайын текшерүүлөрдү (экспертизаларды)  жүргүзүү, кошумча материалдарды суратып алуу же болбосо башка чараларды көрүү зарыл болгон учурларда   даттанууларды чечүү мөөнөтөрү демейдегиден башкача тартипте узартылышы мүмкүн, бирок 30 күндөн ашпайт.  

0
Обновлено 14.05.2018 11:11