Ташып келүүгө уруксат Печать
Автор: Administrator   
01.12.2011 10:09


Радио жыштыктагы нурланууну берүүчү же электромагниттик толкундардын булагы болуп саналган техникалык байланыш каражаттарын ташып келүүгө уруксатты тариздөө


Кыргыз Республикасынын «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Мыйзамынын «Бажы көзөмөлү» 22-беренесине ылайык, радио жыштыктагы нурланууну берүүчү же электромагниттик толкундардын булагы болуп саналган радиоэлектрондук каражаттарды, жогорку жыштыктагы орнотмолорду жана башка техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасына ташып келүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин уруксаты (ташып келүүгө уруксат) менен ишке ашырылат.


Ташып келүүгө уруксат алуу үчүн кайсы документтерди тапшыруу керек:


Кыргыз Республикасынын аймагына радио электрондук каражаттарды (РЭК) жана жогорку жыштыктагы орнотмолорду (ЖЖО) ташып келүүгө уруксат алуу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди тапшыруусу керек:


1. КРӨ МБА директорунун наамына кат жүзүндөгү кайрылуу (№ 1 тиркеме);

2. ташылып келе турган техникалык каражаттарга товар коштоочу документтери (товар коштоочу документтердин мамлекеттик тилде жана расмий тилде котормосу милдеттүү түрдө);

3. радио жыштык спектри колдонула турган өткөргүч жабдуулар үчүн - КР Байланыш агенттигинин жыштык ыйгаруу берилгендиги жөнүндө чечими.

Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик департаменттин 23.06.2004-ж. № 136 буйругундагы Акы төлөнүүчү кызматтардын прейскурантынын № 1 тиркемесине ылайык, ташып келүүгө уруксаттын баасы - 278 с. 60 т..


Милдеттүү түрдө шайкештигин тастыктоодон (сертификаттоо же шайкештигин декларациялоодон) өткөрүлө турган продукциялардын тизмесине киргизилген байланыш жабдуулары жана техникалык каражаттар, бекитилген тартип боюнча шайкештигин тастыктоо процедурасынан өткөрүлүүгө тийиш.

3. Кайсы продукция милдеттүү түрдө шайкештигин тастыктоодон өткөрүлүүгө тийиш?


КР Өкмөтүнүн 18.02.2009-ж. №128 токтому менен «Милдеттүү түрдө шайкештигин тастыктоодон өткөрүлө турган продукциялардын ТИЗМЕСИ» бекитилген.

Кыргыз Республикасынын «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Мыйзамына (02.04.1998-ж., №31, 22-берене) ылайык жана «КРӨ МБА регламенти» (№ 123-б. 19.10.2011-ж.) регламентинде каралган, радио электрондук каражаттарды жана жогорку жыштыктагы орнотмолорду ташып келүүгө уруксат.


Ташып келүүгө уруксат бланкы


0
Обновлено 21.02.2019 12:31