МБА тарыхы
Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 7-октябрындагы № 280 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги уюшулган. УБА өз тарыхында бир нече жолу кайра түзүлдү. Акыркы мезгилдердеги КР Өкмөтүнүн курамынын өзгөрүлгөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы №425 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги (мындан ары – Агенттик) болуп кайра түзүлгөн.
Агенттик байланыш жаатындагы жөнгө салуучу орган катары: байланыш жаатын лицензиялоо, байланыш каражаттарына жана кызматтарына сертификат берүү, радиожыштык менеджменти, байланыш кызматынын сапатына мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү, байланыш кызмат акыларын жөнгө салуу ж.б. иш аракеттерди аткаруунун натыйжасында, байланыш рыногунун өнүгүүсүнө түздөн-түз таасирин тийгизет.
Акыркы кездерде радиожыштык спектри колдонулган кызмат көрсөтүүлөр өтө тездик менен өнүгүп келе жаткандыгын белгилей кетүү керек.
Тоолуу өлкө болгон Кыргызстан үчүн радиожыштык ресурсун колдонуу зор мааниеге ээ, бул болсо телекоммуникациялык инфраструктуранын радиоуктуруу, кыймылдуу жана туруктуу байланыш сыяктуу маанилүү бөлүктөрүнүн өнүгүү темпин жана аларды өнүктүрүүнүн үнөмдүүлүгүн камсыз кыла ала турган күчкө ээ. Ошондуктан телекоммуникациялык секторду жетиштүү өлчөмдө, эл аралык маанидеги жана эл аралык укуктук коргоого алынган радиожыштык ресурсу менен камсыздоо мамлекеттик маанилүү иш болуп саналат.
2012-жылдын 7-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигине Улуттук деңгээлдеги статус берилгендигине 15 жыл болот.
Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинен алынган билдирүүлөргө караганда Байланыш агенттигинин жылдар боюнча хронологиялык тарыхы төмөнкүдөй маалымат берет:
Кыргыз Республикасынын Байланыш министрлигинин Электр байланыш мамлекеттик инспекциясы апрель 1974
Радиорелелик магистралдар, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу Республикалык өндүрүштүк бирикмесинин Электр байланыш мамлекеттик инспекциясы декабрь 1988 Кыргыз Республикасынын Байланыш министрлигинин Электр байланыш мамлекеттик инспекциясы январь 1992
Кыргыз Республикасынын Байланыш министрлигинин Мамлекеттик байланыш инспекциясы январь 1996
Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги 7-октябрь 1997 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги июль 2001
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык ресурстар, технологиялар жана байланыш боюнча улуттук агенттиги июнь 2005
Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги январь 2006
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги март 2009
|