Автор: webmaster
| 25.02.2013 08:58 |
В Кыргызстан завозится и вывозится из него очень много телефонов. Об этом сказал в интервью Tazabek директор Государственного агентства связи Алмазбек Кадыркулов. «У нас максимальная либерализация в области приобретения sim-карт. Также обстоит дело и с телефонами», - отметил он.
|
Обновлено 08.04.2013 10:49 |
Автор: webmaster
| 16.02.2013 10:41 |
Жыл сайын өткөрүлүүчү бүткүл дүйнөлүк мобилдик конгресс (GSMA Mobile World Congress), же кыскача айтканда GSMA MWC - мобилдик дүйнөдөгү беделдүү иш чара. GSMA 1994-жылдан бери өткөрүлүп келет, 10 жылдан ашуун убакыт бою Канн шаарында өткөрүлүп келген, бирок Каннадагы Фестивалдар өтүүчү имараттын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондугуна байланыштуу, бул иш чараны өткөрүү Барселонага көчүрүлгөн. GSMA Mobile World Congress уюштуручусу - бүткүл дүйнөлүк GSM ассоциациясы.
|
Обновлено 20.02.2013 08:04 |
Автор: Administrator
| 04.02.2013 12:33 |
Азербайжанда GSM-тармактарда электрондук-санариптик кол тамга (ЭСК) колдонуу пландаштырылууда, бул үчүн атайын криптографиялык мүмкүнчүлүктөрү бар sim-карталарды колдонуу мүмкүнчүлүгү караштырылат.
Электрондук-санариптик кол тамга (ЭСК) берүү долбоорунун үстүндө Азербайжандын мобилдик байланыш операторлору иштешүүдө, деп билдирет Азербайжандын Байланыш жана маалыматтык технологиялар министрлигинин информатикалык-эсептөө борборунун (ИЭБ) директору Наиль Марданов.
|
Обновлено 12.02.2013 12:50 |
Автор: webmaster
| 23.01.2013 07:41 |
Экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү (Global Competitiveness Index 2012-2013) отчетунун маалыматына ылайык, уюлдук байланыш кызматына жазылуу боюнча эл аралык рейтингде дүйнөнүн 114 мамлекеттеринин ичинен биздин өлкө 76-орунду ээледи. Рейтингдеги алдыңкы орундарды, 100 адамдын ичинен эң көп сандагы жазылуулар катталган өлкөлөр ээледи.
Төмөнкү өлкөлөр алдыңкы орундардга ээ болушту: Гонг Конг (209,6), Панама (203,9), Сауд Аравиясы (191,2), Монтенегро (185,3), Россия (179,3); Суринам (178,9); Оман (169); Финляндия (166), Кувейт (160,8), Ливия (155,7).
|
Обновлено 23.01.2013 10:13 |
|
Автор: webmaster
| 24.02.2013 10:45 |
В самое ближайшее время к проекту трансевразийской суперинформационной магистрали (TASIM) присоединятся еще три государства, это Грузия, Болгария и Украина. В настоящее время к проекту подключено пять стран (Азербайджан, Китай, Казахстан, Россия и Турция), и для реализации проекта его участниками ведутся работы по созданию консорциума.
Одним из главных вопросов, которые планируется затронуть в рамках предстоящей встречи, является вопрос создания консорциума по проекту прокладки каспийского сегмента кабельной магистрали.
|
Обновлено 28.02.2013 06:32 |
Автор: Administrator
| 12.02.2013 10:47 |
Урматтуу кесиптештер!
Заман тездик менен өнүгүп өзгөрүп келе жатат, азыркы заманды байланыш каражаттарысыз элестетүү мүмкүн эмес. Сиздер, Республикабыздын «маалымат өнүкөн өлкө» болушу үчүн талыкпай эмгектенип келе жатасыздар. Бир дагы адам өз жашоонун мунсуз элестете албай турган, Байланыш деген кыскача ат менен аталган, көп кырдуу жана жогорку технологиялуу, түмөн түйшүктү аркалаган тармакта бар күчүңөрдү, билим дараметиңиздерди жумшап келе жатасыздар.
Сиздерди Бүткүл дүйнөлүк радио күнү – кесиптик майрамыңыздар менен чын дилибизден куттуктайбыз!
Сиздерге чың ден соолук, бакыбат жашоо жана Байланыш тармагын өркүндөтүү багытындагы жаңы чыгармачыл ийгиликтерди каалайбыз!
Бүгүн, 13-февраль - Бүткүл дүйнөлүк радио күнү. Жаңы майрам, алгач 2012-жылы майрам катары белгиленди. Бул күндү майрам катары белгилөө чечимин, ЮНЕСКО 2011-жылы кабыл алган. Белгилөө датасы капыстан эле келип чыга калган жок, дал ушул 13-февраль күнү алгачкы жолу Бирикен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында жайгашкан «БУУ радиосу» эфирге чыккан.
|
Обновлено 14.02.2013 05:53 |
Автор: webmaster
| 29.01.2013 06:14 |
Азыркы учурда вендорлор жана операторлордун гибриддик WiMAX/LTE тармактарын түзүүгө ниеттенүүсү, WiMAX рыногундагы негизги тренд болуп саналат. Мында алар өз тармактарында бир нече 4G технологиялардын бирге иштешүүсүн, келечекте алардын LTE-Advancedге аралашып кетүүсүн камсыз кылуу аракетин көздөшөт.
Азыр байланыштын төртүнчү муундагы эки негизги (4G) технологилары – LTE жана WiMAX бар, алар шарттуу түрдө байланыштын төртүнчү мууну болуп саналат. LTE негизги айырмачылыгы, бул стандарт 3G (UMTS/HSPA, HSPA+) технологиясынын кийинки өнүгүү этабы экендиги, ал эми WiMAX болсо мобилдик кеңири тилкедеги жетишүү эволюциясынын өз алдынча бутагы.
|
Обновлено 12.02.2013 11:35 |
Автор: webmaster
| 22.01.2013 08:16 |
Мэриянын пресс-кызматы билдиргендей, Интернетке акысыз туташуу аймагынын эмблемасына 2012-жылы жарыяланган сынактын жеңүүчүсү Марсель Шейшенов болду. Шаардын мэри Иса Өмүркулов жеңүүчүгө 20 миң сом акчалай сыйлык тапшырды.
Мэрия Wi-Fi технологиясы боюнча Интернетке бекер туташуу түйүндөрүн жайгаштыруу демилгесин, мындан ары дагы уланта берерин билдирген. Мындай иш аракеттин алкагында, Ала-Тоо борбордук аянтына, Жаштар аллеясына, Политехникалык институт аймагында, ошондой Эркиндик бульварында өткөргүчсүз Интернет киргизүү пилоттук долбоору ишке ашырылды. Ушундай түйүндөрдү Дайыр Асанов атындагы сейил бакта (Түштүк Дарбаза), ошондой эле Ататүрк сейил багында ачуу пландаштырылууда.
|
Обновлено 12.02.2013 11:31 |
|