Лицензияны кантип алууга болот?
Электр жана почта байланыш жаатын жөнгө салуу ишмердүүлүгүнө байланышкан маанилүү маселелерди карап чыгууда ачыктыкты камсыз кылуу максатында, туруктуу иштей турган Лицензиялык комиссия уюштурулган. Лицензиялык комиссиянын төрагасы – КРӨ МБА директору.
Лицензиялык комиссиянын тутумуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Транспорт жана коммуникация министрлигинин, УКМК, Байланыш операторлор ассоциациясынын, «Кыргызтелеком» ААК, Байланыш агенттигинин өкүлдөрү кирет, комиссиянын тутумундагы мындай көп тараптуулук каралып жаткан маселелердин объективдүүлүгүнө кепилдик берет. Комиссиянын чечимдери Агенттиктин токтомдору катары таризделет.
электр байланыш жаатында ишмердүүлүк жүргүзүүгө лицензия алуу үчүн документтерди тапшыруу тартиби:
Арыз ээси лицензия берүүчүгө төмөнкүдөй документтерди берет:
- Бекитилген формадагы арыз. Көчүрүп алуу.
- арызды карап чыгууга жана лицензия берүүгө төлөнгөн акынын суммасын тастыктаган документ;
- мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү:
- юридикалык жактар үчүн – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги органдарынан;
- жеке жактар үчүн – мамлекеттик статистикалык органдардан;
- Кыргыз Республикасында юридикалык жак же жеке ишкер катары каттоодон өтпөгөн чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар үчүн – тиешелүү мамлекеттен;
- арыз ээсине салык төлөөчүнүн жана камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөчүнүн идентификациялык коду (номери) ыйгарылгандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсү;
- эки адистин дипломунун көчүрмөлөрү;
6. техникалык сунуш.
Техникалык сунушта төмөнкүдөй маселелер камтылышы керек:
Суроолордун тизмесин көчүрүү
1) лицензия алуучунун аталышы, укуктук статусу, консорциумдар же биргелешкен ишканалар үчүн ар бир катышуучунун же акционердин аталышы;
2) түзүлө турган тармактын аталышы;
3) Теле- жана радиопрограммаларды жайылтуу үчүн – массалык маалымат каражаты катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу маалымат;
4) Баскыч-баскыч менен түзүлүп жана/же кеңейтиле турган (Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бөлүктөрүнө бекитилген) тармак иштетиле турган же кызмат көрсөтүлө турган аймак;
5) Байланыш тармагын жана көрсөтүлө турган байланыш кызматтарын баяндап жазуу:
- тармактын сыйымдуулугу, анын ичинен өлкөнүн көрсөтүлгөн аймактарына ылайык, баскыч-баскыч менен түзүлүп жана/же кеңейтиле турган тармак;
- тандап алган жабдуунун (коммутациялык, кошуучу линиялардагы өткөргүч системалар, абоненттик участоктогу линиялардын типтери ж.б.) курамы, тиби, өндүрүүчү-фирмасы, жабдууга сертификаттардын бар болуусу;
- колдонулуучу каражаттардын техникалык мүнөздөмөлөрүнүн, ашташкан жерлердин, ишке ашырылып жаткан токтомдорго, жергиликтүү же эл аралык стандарттардагы талаптарга, башка ченемдик документтерге шайкештиги;
- баскыч-баскыч менен түзүлүп жана/же кеңейтиле турган арызда көрсөтүлгөн аймакта байланышты уюштуруунун схемасы (тармактын, системанын, кызматтын түзүлүш схемасы), тармактын аныктоочу чеги (системалар, кызматтар), негизги элементтер жана алардын өз ара байланышы, негизги элементтерди байланыштыруу үчүн колдонула турган байланыш каражаттары, башка тармактар (системалар, кызматтар) менен байланышуу жана колдонуучуларга жеткиликтүү болуусу;
- бир абонентке 0,1 Эрл (телефон), 0,25 Эрл (радиотелефон) кем эмес салыштырма жүктөм эсептелген тармактын участоктору боюнча, баш тартуулардын пайыздык көрсөткүчү;
- арыз ээсинин тармагындагы бир абонетке пландаштырылган жүктөм;
- коллективдүү колдонуу пункттарын жана таксофондорду пайдалануу;
- башкаруу жана эксплуатация системаларын уюштуруу принциптери.
6) Көрсөтүлө турган кызматтардын мүнөздөмөлөрү:
- колдонуучуларга сапаттуулугуна кепилдик берип, көрсөтүлө турган кызматтардын сапаттык көрсөткүчтөрү;
- көрсөтүлө турган ар бир кызматтын кыскача баяндамасы, тизмеси, алардын жергиликтүү же эл аралык стандарттардагы, башка ченемдик документтердеги талаптарга шайкештиги. Массалык маалымат каражаттары үчүн – программанын мүнөзү жана булактары;
- көрсөтүлгөн тармактын терминалдык жабдууларын колдонуу типтери жана шарттары;
- колдонуучуларга комплекстик кызмат көрсөтүү, терминалдык жабдууларды техникалык тейлөө, колдонуучуларды тармакка (системага, кызматка) туташтыруу үчүн байланыш каналдарын уюштуруу, окутуу маселелери сыяктуу кызматтар менен кошо;
-кызмат көрсөтүү тартиби (негизги эрежелер, шарттары), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана бекитилген кызмат көрсөтүү эрежелерине дал келүүсү, арыз ээсинин колдонуучулардын алдындагы жоопкерчилиги.
7) Кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалана турган колдонуучулардын категориялары жана болжолдуу саны, (каалагандай юридикалык жана жеке жактар же колдонуучулардын чектелүү категориялары).
8) анын ичинен ар бир кызмат боюнча тарифтердин деңгээли, жеңилдетилген тарифтер, көрсөтүлө турган кызматтардын бардык түрлөрү боюнча колдонуучулар менен эсептешүүлөрдү уюштуруу.
9)Арыз ээси менен өз ара иштешкен башка байланыш операторлору менен болжолдуу өз ара эсептешүү принциптери.
10) Кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү же тармакты өнүктүрүү же кеңейтүү планы.
11) Байланыш техникалык каражаттарынын санитардык-гигиеналык текшерүүдөн өткөрүлгөндүгү жөнүндө маалымат.
12) Эмгекти коргоо жана өрт коопсуздугу эрежелерин сактоо боюнча өткөрүлгөн иш-чаралар.
13) Метрологиялык камсыздоо.
14) Колдонулуучу стандарттар.
15) Кошумча кызмат көрсөтүүлөр жана алардын ишке ашырылышы жөнүндө маалыматтар.
16) Ишмердүүлүгү тууралуу резюме.
17) Жабдууну сертификаттоо.
Жеке жактар үчүн арыздын формасы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги
Лицензия берүүчүнүн аталышы
__________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________
(жарандын фамилиясы, аты, атасынын аты)
АРЫЗ
Лицензия берүүңүздү сурайм, ишмердүүлүк _______________________________________________
_____________________________________________________________________________________ (ишмердүүлүктүн түрү (түрлөрү) так жана толук аталышы)
Өздүгү тууралуу маалымат:
Паспорт сериясы ______ N _______ берилди __________________________________ (ким тарабынан, качан)
Жашаган жери ________________________________________________________________________ (паспорт боюнча көрсөтүлөт)
Жеке ишкердин мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгү, сериясы ______ N __________, берилди
_____________________________________________________________________________________ (ким тарабынан, качан)
Идентификациялык коду ________________________________________________________________
Билими_______________________________________________________________________________ (кайдан качан аяктаган)
Адистиги _____________________________________________________________________________
Адистиги боюнча эмгектенген стажы _____________________________________________________
Башка маалыматтар ____________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________ (арызды карап чыгууга зарыл болгон маалыматтар көрсөтүлөт)
Арызга тиркелди:
_____________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
"___"____________ 20__ жыл _____________________________ М.О. (колу)
Юридикалык жактар үчүн арыздын формасы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги
Лицензия берүүчүнүн аталышы
____________________________________________________________________________________
юридикалык жактын аталышы
АРЫЗ
Лицензия берүүңүздү сурайм, ишмердүүлүк _______________________________________________
_____________________________________________________________________________________ (ишмердүүлүктүн түрү (түрлөрү) так жана толук аталышы)
Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгү, сериясы ______ N ________берилди____________________ (ким тарабынан, качан)
Жайгашкан орду ______________________________________________________________________
Идентификациялык коду ________________________________________________________________
Уюштуруу-укуктук формасы: ____________________________________________________________
Менчигинин формасы: _________________________________________________________________
Башка маалыматтар ___________________________________________________________________
(арызды карап чыгууга зарыл болгон маалыматтар көрсөтүлөт)
Арызга тиркелди:
_____________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
"___" ______________ 20___ жыл ________________________________________________________ (юридикалык жактын өкүлүнүн колу)
М.О.
Байланыш жаатындагы лицензиялардын тизмеси 01.05.2011-жылга карата.
Сурап билүү тел: 54-41-94
|