Кыргызский (Kyrgyz Respublic)Русский (Russian Federation)English (United Kingdom)
Жалпы маалымат PDF Печать E-mail
Автор: Administrator   
01.12.2011 08:41


СССР тарагандан кийин өлкөбүз бирдиктүү экономикалык байланыштагы тизмегинен ажырап, Москвадан алынып туруучу мамлекеттик трансферттерден (каржылоодон) кур калып бир топ баш аламан кырдаалга кептелди, мунун баары калктын жакырланып кетишине алып келген.


Бирок, үстүбүздөгү жүз жылдыктын башталышынан тартып эл аралык каржылоо булактарынын колдоосу менен, либералдык соода саясат мүнөзүндөгү бир топ реформалар жүргүзүлдү, натыйжада өлкөбүздө башка үлгүдөгү мамлекеттик түзүлүш келип чыкты.

2010-жылдын 27-июнундагы Референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы кабыл алынды (2010-жылдын 27-июнундагы КР Мыйзамы менен күчүнө кирген), бул болсо башкаруунун Президенттик формасынан парламенттик башкаруу формасына алып келип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын кеңейтти. Мындай жагдайда, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги байланыш жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуучу орган катары институционалдык жана финансы жактан байланыш операторлорунан көз каранды эмес бойдон калат.


Агенттик, байланыш рыногунда жеке үстөмдүктү болтурбоо максатында талдоо жүргүзүп туруучу ыйгарым укуктарга ээ жана электр, почта байланышына, маалымат жиберүү, телерадиоберүү жаатындагы ишмердүүлүккө лицензияларды берет, радиожыштык спектрин колдонууга уруксат берүүчү документтерди, ошону менен бирге, электр байланыш системаларын жана орнотмолорун, тармакты, линияларды, орнотмолорду долбоорлоого, курууга, орнотууга уруксат берүүчү документтерди берет.


2011-жылы коомдук социалдык-саясий түзүлүш өзгөрүп, мамлекетти башкарууда саясий партиялардын ролу бекемделди.


Жаңы конститиуциялык жоболорду эске алуу менен, саясий чөйрөдө бийлик бутактарынын өз ара кызматташуусундагы тең салмактуулуктун туруктуу системасы түзүлдү. Мамлекеттик башкаруу процессинде, борбордук жана аймактык башкаруу системаларынын ыйгарым укуктары жана жоопкерчилиги так бөлүштүрүлүп, кээ бир ыйгарым укуктар жергиликтүү башкаруу органдарына бөлүнүп берилди, ошол эле учурда борбордук аткаруу бийлик институттары бекемделди. Бийликтин бардык деңгээлиндеги чечимдерди кабыл алуунун жол жоболоруна, коомдук саясий форматтагы чечимдерди кабыл алуунун ачыктыгына негизделген өзгөртүүлөр киргизилди.


Байланыш агенттигинин ченемдик укуктук базасынын өзөгүн мыйзамдар жана Өкмөттүн токтомдору түзөт.


2011-жылы телекоммуникациялар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө долбоор иштелип чыгып, анда төмөнкүлөр эске алынган:


- Тармактар аралык биригүү жөнүндөгү бап бир топ кеңейтилген.

- Типтүү лицензия деген түшүнүк киргизилген, мында лицензия алуучулар өз ара бириге алышат, бул тууралуу алар Агенттикке кабарлап гана коюшат. Чектелүү жыштык ресурсун колдонгондорго жеке лицензиялар аукциондук негизде берилиши керек.


- Универсалдык жетишүү маселелери боюнча бап киргизилди, мында универсалдык жетишүүнү уюштуруу принциптери жана универсалдык жетишүү фондун түзүү жана ушул фондду башкаруу сыяктуу кепилдиктердин камсыз кылынышы айтылган.


Башкаруу чечимдерин кабыл алганга чейин, аларды даярдоонун жол жоболорунун ачыктыгын камсыз кылуу максатын көздөп жана ал чечимдерди ишке ашырууда коомчулуктун кызыкчылыгын эске алуу керектигин, мамлекеттик органдар менен коомчулуктун өз ара кызматташуусун бекемдөө максатында КР Президентинин Жарлыгы менен бардык мамлекеттик органдарда коомдук байкоочу кеңештер (мындан ары – КБК) түзүлгөн.


КБК максаты - жарандардын аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүнө коомдук көзөмөл жүргүзүүгө катышуусу, коомчулук менен иштешүүнү жакшы жолго салуу, мамлекеттик саясатты калыптандырууда жана аны ишке ашырууда коомчулуктун пикири эске алынышына көзөмөл кылуу. Байланыш агенттигинде 2011-жылдын май айында КБК түзүлгөн, ага жарандык коомдон 16 өкүл кирген.


Андан сыткары, Агенттикте негизги чечимдер (ченемдик-укуктук базага өзгөртүүлөрдү киргизүү, тармактар аралык биригүү эрежелери ж.б.) талапка ылайык жетишерлик деңгээлде коомдук талкуудан өткөндөн кийин гана кабыл алынышы керек деген принциптер киргизилген.


Мындай талкууларды жүргүзүү үчүн ачык аянт катары жыл сайын өткөрүлүүчү МКТ (ИКТ) боюнча улуттук конференфиялар, бардык кызыкдар тараптардын катышуусу менен өткөрүлгөн тегерек столдор мисал боло алат. Айта кетсек, 2011-жылы телекоммуникациялар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү, Тармактар аралык биригүү эрежелери ж.б. талкууга алынган.


Радиожыштык спектрин колдонуу жаатындагы агенттиктин жүргүзгөн иш аракети - жаңы келечектүү стандарттар жана кеңири тилкедеги жетишүү үчүн жыштык тилкелерин эски аналогдук тармактардан бошотууга багытталган. Мисалы, буга чейин болжол менен 2 ГГц диапазон бошотулган, ал эми азыркы учурда 3,4 – 3,8 ГГц жана 5,6 – 6,2 ГГц жыштык диапазонун бошотуу иштери аткарылууда.


Лицензия берилбөөчү негиздеги Wi-Fi системасын ишке киргизүү үчүн 2,4 ГГц жыштык диапазону бошотулган. LTE технологиясын ишке киргизүү үчүн 2,5-2,7 ГГц жыштык диапазону 5 байланыш операторлоруна бөлүнүп берилген, бул операторлор тармактарын жайылтып технологияны сынактан өткөрүп жатат. 3,4-3,8 ГГц диапазонунда жыштык тилкелери 4 байланыш операторуна бөлүнүп берилип, алардын бирөө тармагын жайылтып, технологияны сынактан өткөрүп жатат.


Байланыш агенттиги, кеңири тилкедеги жетишүү ишмердүүлүгүнө уруксат берүүчү документтерди берүү процедураларын жеңилдетүүнү караштырып жатат. 2011-жылы Байланыш агенттиги, мобилдик технологиялар (3G, WiMax, LTE ж.б.) үчүн жыштык тилкелерине жетишүүнү жеңилдетүүчү жагдайлар киргизилген Регламент иштеп чыккан.


Кыргызстандын геосаясий жайгашкан орду, коңшу чектеш мамлекеттер менен радиожыштык спектрин колдонуу маселелерин координациялоону талап кылат. Мындай координациялоо дайыма жүргүзүлүп турат жана операторлорго коңшулаш мамлекеттер менен макулдашылган жыштыктар берилет, бул болсо чек арага жакын райондордогу байланыш тармактарынын өнүгүүсүн тездетет. Ушунун натыйжасында алыскы райондордун тургундары дагы радиобайланыш менен камсыз болушкан.


Коммерциялык пайдалуу спектрлерди колдонуучуларга бөлүштүрүү/бөлүп берүү маселеси коллегиалдык түрдө чечилет. Байланыш агенттигинде Радиожыштык спектри боюнча комиссия уюшулуп, иштеп келе жатат, бул комиссия колдонуучуларга радиоэлектрондук каражаттарды иштетүү укугуна номиналдарды жана радиожыштык тилкелерин бөлүп берүү/ыйгаруу жөнүндөгү маселелерди карайт. Комиссиянын тутумуна башка министрликтер жана мекемелерден серепчилер кирген.


Спектрди колдонууну туура башкара билүүнүн бирден бир талабы, мамлекеттик радиокөзөмөл жүргүзүү системасынын бар болуусу керек. 2011-жылы Өлкөнү 2012-2014-жылдарда өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынган.


Кабыл алынган стратегияда байланыш тармагын өнүктүрүү, ошону менен бирге радиокөзөмөл ситемасын өнүктүрүү каралган. Радиокөзөмөл ситемасын өнүктүрүү максатын көздөп, Байланыш агенттиги, Rohde&Schwarz фирмасынан радиокөзөмөл жүргүзүүчү жабдуу сатып алган.


obw info nas


- иштеп жаткан радиокөзөмөлдөө станциялары
- пландаштырылган радиокөзөмөлдөө станциялары


Өкмөт өлкөнү социалдык–экономикалык тармагын өнүктүрүү үчүн узак мөөнөткө инвестицияларды тартуу максатында Программа кабыл алган.


Программада стратегиялык маанилүү жана артычылыкка ээ деп эсептелген төмөнкүдөй багыттар: ашыкча негизсиз мамлекеттик жөнгө салууну кыскартуу, жеке ишкердикти жана бизнес-чөйрөнү өнүктүрүү, жөнгө салуу таасирдүүлүгүнө талдоо жүргүзүүнүн негизинде ченемдик-укуктук актларды жакшыртуу, чиновниктердин коррупциялык иштерин алдын алуу боюнча иш аракеттерди күчөтүү жана андай иштерге бөгөт коюу, бардык мамлекеттик ресурстардын, анын ичинен радиожыштык спектрин бөлүштүрүүдө конкурстук-аукциондук ыкманы киргизүү каралган.


Өлкөнүн бажы аймагына импорттолуп алынып келинген негизги каражаттарды, жеке ишкердүүлүк үчүн колдонула турган жабдууларды ташып келүүдө кошумчаланган нарк салыгынан бошотулат.

Роуминг кызматы, ошондой эле Кыргызстандын операторлору берген эл аралык трафик менен байланышкан тармактар аралык биригүү кызматы кошумчаланган нарк салыгынан бошотулат.

Андан тышкары, спектр үчүн жыл сайын төлөнүүчү төлөм акы, кызыктыруучу төлөм акынын формуласына негизделген ыкмага ылайык төлөнөт. Аталган ыкма калк аз жашаган аймактарда төлөм акы төмөн (арзан) болушуна, жана ошондой эле башка кызыктыруучу коэфиценттердин коюлушуна шарт түзөт.
Төлөм акы автоматташтырылган жана жыштык ыйгаруулар боюнча улуттук маалымат базасы колдонулат. Ар бир оператор спектр үчүн төлөнүп жаткан жана алдыда төлөнө турган төлөм акынын болжолун эсептей алат жана бизнесин пландаштырууда аларды эске алат.




0
Обновлено 07.05.2012 08:18
 
Интересная статья? Поделись ей с другими:

Календарь

2020
Июля
MoTuWeThFrSaSu
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  

Баннеры

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Обратная связь

Разместить в социальных сетях



Государственно Агентство Связи
при ГКИТиС Кыргызской Республики

xporn1.com