Кыргызский (Kyrgyz Respublic)Русский (Russian Federation)English (United Kingdom)
Агенттик жөнүндө жобо PDF Печать E-mail
Автор: Administrator   
01.12.2011 08:35

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ


Бишкек шаары, 2013-жылдын 3-майы N 231


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы N 124 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин уюштуруучулук түзүмүн оптималдаштыруу, байланышты жөнгө салуу органынын ишин өркүндөтүү, Ысык-Көл жана Ош облустарынын аймагында байланыш жаатындагы мыйзамдардын аткарылышын контролдоону күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:


1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы N 124 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө жободо:

7-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

"- монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен монополист-ишканалардын электр жана почта байланыш кызматтарына тарифтерди бекитет;";

18-пунктундагы "18-пунктунун" деген сөз жана цифралар "17-пунктунун" деген сөзгө жана цифраларга алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси күчүн жоготту деп табылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги:

- региондор аралык аймактык башкармалыктарды өзгөртүп түзүүнү аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин борбордук аппаратына бириктирүү жолу менен, Ош шаарына жана Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шаарына, аталган аймактык башкармалыктардын мурда карамагында болгон объекттердеги жумуш орундарына жайгаштыруу менен ишке ашырсын;

- үч айдын ичинде:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы N 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин;

бул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 7-майындагы N 37 жарыяланды


Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев





1-тиркеме


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы N 124 токтому менен
бекитилген


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө 
ЖОБО

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы N 231 токтомунун редакциясына ылайык)


1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги (мындан ары - Агенттик) электр жана почта байланыш жаатын, анын ичинде радиожыштык спектрин пайдаланууну жөнгө салуу функциясын ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп эсептелет.

2. Агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашууларды, ушул жобону, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.

3. Агенттик юридикалык жак болуп эсептелип, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аты жазылган мөөрү жана Кыргыз Республикасынын казыналык системасында эсептери болот.

2. Агенттиктин максаты жана милдеттери

4. Агенттиктин максаты, жогорку технологиялык жана атаандашууга жарамдуу Улуттук маалымат жиберүү тармагын түзүү жана Улуттук тармакты жалпы дүйнөлүк маалымат айдыңына аралаштыруу.

5. Агенттик төмөнкүдөй милдеттерди аткарат:

- атаандаштыкты өнүктүрүүнүн негизинде электр жана почта байланыштарынын кызмат көрсөтүүсүн камсыз кылуу;

- радиожыштык спектринин пайдаланылышын натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу;

- байланыш тармактарынын жана системаларынын өнүгүшүнө көмөктөшүү;

- жарандардын жана башка кардарлардын байланыш жаатындагы мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо.

3. Агенттиктин функциялары

6. Агенттик ага жүктөлгөн негизги милдеттерге ылайык төмөндөгү функцияларды аткарат:

жөнгө салуу функциялары:

- радионурландыруучу жана жогорку жыштыктагы электромагнит толкундардын булагы болгон радиоэлектрондук каражаттарды, жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү, техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө уруксат берет жана алардын реестрин түзөт;

- Кыргыз Республикасында байланыш тармагын номерлөөнүн Улуттук планына ылайык телефондорду номерлөө ресурсун (эл аралык жана шаар аралык коддор менен кошо) пайдалануу жана жайгаштыруу тартибин аныктайт;

- электр байланыш кызматынын бардык пайдалануучуларына сапаттуу кызмат көрсөтүүнүн, маалыматтын сырын жана керектөөчү жөнүндөгү маалыматтын сырын сактоонун негизинде, жалпы электр байланыш тармагына жана кызматтарына чыгуу мүмкүндүгүнө бирдей деңгээлде жетишин камсыз кылат;

- номерлерди бөлүп берүүнү ишке ашырат (номерлердин диапазондору, эл аралык жана шаар аралык коддор), электр байланыш операторлоруна жана электр байланыш кызматтарына бөлүнгөн номерлерди натыйжалуу пайдаланууга контролду камсыздайт;

- Кыргыз Республикасынын аймагындагы техникалык каражаттардын өз ара байланышкан тутуму болуп саналган жана жыштык каналдарынын жана тилкелеринин пайдаланылышын жалпы ченөөнү, жиберилүүчү радиосигналдардын техникалык жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн текшерүүнү жүргүзүүгө, санкцияланбаган радиобергичтерди жана жогорку жыштыктагы электромагниттик таркатылуулардын булактарын, радио тоскоолдуктарды табууга жана аныктоого жана радиожыштык спектрин таасирдүү пайдалануунун башка маселелерин чечүүгө мүмкүндүк берүүчү мамлекеттик радиоконтроль тутумун түзөт, өнүктүрөт жана иштетет;

- Кыргыз Республикасынын радиожыштыктарды бөлүштүрүү Улуттук таблицасына ылайык, номиналдарды, радиожыштык тилкелерин бөлүп берет/ыйгарат;

- жыштык ыйгарууларды бөлүп берет, токтото турат, кайта алат же аны бөлүп берүүдөн баш тартат;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонуучуларга мурда берилген номиналдарды, радио жыштык тилкелерин кайтарып алат, өзгөртөт, токтото турат, модификациялайт жана кайра бөлүштүрөт;

- радиожолтоолордун жана санкцияланбаган белгилердин кандайын болбосун аныктайт жана жоет, пайдалануучуларга радиожолтоолордун деңгээлин азайтуу жана бөгөт коюу боюнча талап коет;

- жыштык ыйгаруусуз радиоэлектрондук каражаттарды жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү аныктайт жана мыйзамдын талабына ылайык аларды пайдаланууну токтотот;

- радиоэлектрондук каражаттарга жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөргө ыйгарылган жыштыктарга эл аралык укуктук коргоо жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө мыйзамына ылайык лицензиялык иш-аракеттерди жүргүзөт жана берилген лицензиялардын маалымат базасын түзөт жана жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын жыштык ыйгарууларынын маалымат базасын түзөт жана жүргүзөт;

- жабдууларга жана техникалык каражаттарга берилген шайкештик сертификаттардын реестрин түзөт жана жүргүзөт;

- операторлордун, электр байланыш кызматтарынын, почта байланыш ишканаларынын жана байланыш кызматынан пайдалануучулардын ортосунда болгон чыр-чатактарды жөнгө салуунун, калыс карап чыгуунун жана чечүүнүн тартибин белгилейт;

- керектөөчүлөрдүн ар кандай категорияларынын жана топторунун ортосунда кайчы субсидиялоону болтурбоо маселелерин изилдейт жана байланыш тармагында аны токтотуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;

- бардык электр жана почта байланыш операторлорунун, электр байланыш кызматтары жана почта байланыш ишканаларынын ортосундагы эркин атаандаштыкты колдойт, анын ичинде байланыш жаатындагы ишти жөнгө салуучу тиешелүү эрежелерди жана нускамаларды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө жиберүү жолу менен дагы колдоо көрсөтөт;

- Кыргыз Республикасынын байланыш рыногуна талдоо жүргүзөт;

Координациялоо, көзөмөлдөө жана контролдоо функциялары:

- жабдууларды жана техникалык каражаттарды өндүрүүдө, колдонууда шайкештигин тастыктоо боюнча мыйзамдын талаптары аткарылышын камсыз кылат;

- Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын Агенттиктин компетенциясына тиешелүү болгон чечимдерин ишке ашырат жана аткарылышын контролдойт;

- радионурландыруучу жана электромагнит толкундарынын булагы болгон радиоэлектрондук каражаттарды, жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү, техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары аткарылышын камсыз кылат;

- байланыш жаатында мыйзамдын сакталышына мамлекеттик контролду ишке ашырат;

- байланыш жаатын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамды сактоо маселеси боюнча текшерүүлөрдү жүргүзөт;

- улуттук коопсуздуктун, коргонуунун, укуктук тартиптин кызыкчылыгы үчүн жана өзгөчө кырдаалдарда жалпы колдонуудагы электр байланыш операторлоруна жана кызматтарына жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын камсыз кылат;

- байланыш тармагында лицензиялык келишимдердин шарттарынын аткарылышына мамлекеттик контролду ишке ашырат;

- жыштык ыйгарууларына ээ болгон юридикалык жана жеке жактардын иштеринин көрсөтүлчү байланыш кызматынын сапатына мамлекеттик контролду ишке ашырат;

- байланыш, лицензия тармагындагы мыйзамдарда каралган көрсөтмөлөрдү чыгарат;

- жалпы пайдалануудагы электр байланыш тармагын биргелешип пайдаланууну контролдойт жана тармактар аралык туташтыруу талаптары аткарылышын мониторингдейт;

- радиокаражаттар орнотулган жерлерде радиоэлектрондук каражаттардын жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдүн техникалык ченемдери сакталышын контролдойт;

- региондор аралык башкармалардын иштерин контролдойт;

- колдоо функциясы;

- Агенттиктин карамагына берилген мамлекеттик мүлктү оперативдүү башкарат, анын сакталышын жана натыйжалуу пайдаланылышын контролдойт;

- ички контроль системасынын натыйжалуулугуна жана финансы-чарбалык иштин натыйжалуулугуна баа берет, баалоонун жыйынтыгы боюнча Агенттиктин компетенциясынын чегинде сунуштарды иштеп чыгат;

- электр жана почта байланыш тармагындагы техникалык стандартташтыруу боюнча, ошондой эле радиожыштыктык нурландыруучу же жогорку жыштыктагы электромагнит толкундарынын булагы болгон техникалык каражаттарга документтерди жана техникалык регламенттерди иштеп чыгууга жана экспертизасына катышат.

4. Агенттиктин укуктары

7. Агенттик төмөндөгүдөй укуктарга ээ:

- монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен монополист-ишканалардын электр жана почта байланыш кызматтарына тарифтерди бекитет;

- милдеттүү сертификаттоо формасында техникалык каражаттардын шайкештигин ырастайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен сырттан алынган жабдуулардын жана техникалык байланыш каражаттарынын шайкештигин тастыктоонун натыйжаларын таануу процедурасын белгиленген тартипте жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагындагы радиожыштык спектрине белгиленген тартипте радиомониторинг өткөрөт;

- электр жана почта байланыш операторлорунан алардын катышуучуларынын/уюштуруучуларынын (фамилиясы, аты, атасынын аты, жашаган жери, уставдык капиталдагы үлүшү) курамы жөнүндө маалыматтарды, уставдарды, инвестициялардын долбоорлорун, бизнес-пландарын, анын ичинде байланыштын магистралдык тармактарын андан аркы өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер жөнүндө пландарды, күнүмдүк отчетторду сурап алат, ошондой эле мыйзамга ылайык тиешелүү отчеттордун тартиптерин жана мөөнөттөрүн белгилейт;

- байланыш жаатындагы укук-ченемдик актыларды, келишимдерди макулдашууга катышат;

- администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана байланыш жагындагы мыйзамдарга ылайык айып салуу жөнүндө чечим чыгарат;

- байланыш жаатындагы мыйзамдарга ылайык көрсөтмөлөрдү берет;

- сотторго доо жана арыздар менен кайрылат, аларды сотто иштерди кароого катышат;

- Агенттикке жүктөлгөн функцияларды ишке ашыруу үчүн мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жеке жана юридикалык жактардан керектүү маалыматтарды жана материалдарды сурап алат;

- тийиштүү адистердин катышуусу менен убактылуу жумушчу комиссияларды жана топторду белгиленген тартипте түзөт;

- Агенттиктин функцияларын ишке ашыруу үчүн өз компетенциясынын чегинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипке ылайык эл аралык келишимдерди түзөт, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт же илимий-изилдөө жана башка иштерди жүргүзүүгө катышат;

- мыйзамда каралган башка укуктарды ишке ашырат.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы N 231 токтомунун редакциясына ылайык)

8. Өз иштерин жана функцияларын ишке ашыруу максатында Агенттик ыйгарым укуктарынын чегинде байланыш жаатына тиешеси бар ишканалардын менчигинин формасына карабай бардык документтерин көрүү эркиндигине укуктуу.

5. Агенттиктин ишинин уюштурулушу

9. Агенттик борбордук аппараттан, анын ичинде инженердик-техникалык борбордон, региондор аралык башкармалардан турат жана бирдиктүү структураны түзөт.

10. Агенттикти директор башкарат, аны кызматка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындайт жана бошотот.

11. Агенттиктин штатында статс-катчынын жана директордун орун басарынын кызмат орундары каралган.

Статс-катчыны дайындоо, бошотуу тартиптери, милдеттери жана ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамында аныкталат.

Директордун орун басарын кызматка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри директордун сунушу боюнча дайындайт жана бошотот. Директордун орун басары түздөн-түз директорго баш ийет жана ага жүктөлгөн милдеттердин жана укуктардын чегинде Агенттиктин ишин уюштурат.

13. Агенттиктин директору:

- Агенттикке жүктөлгөн маселелердин жана функциялардын аткарылышына жеке жоопкерчиликтүү;

- Агенттиктин директорунун орун басарынын милдеттерин аныктайт;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен макулдашып, статс-катчыга Агенттиктин компетенциясына берилген айрым маселелерди тейлөөнү тапшырат.

- Агенттиктин структуралык бөлүктөрүнүн, региондор аралык башкармалардын жоболорун жана кызматкерлердин иш милдеттерин бекитет;

- Агенттиктин структурасын, чыгымдар сметасын жана штаттык тизмесин бекитет;

- буйруктарга, көрсөтмөлөргө, лицензиялык комиссиянын жана Агенттиктин Консультациялык кеңешинин чечимдерине кол коет;

- Агенттиктин аппаратына кирген инженердик-техникалык персоналды ишке жалдайт;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Агенттиктин иши тууралуу отчет берет;

- инженер-техникалык кызматкерлердин эмгек акысынын деңгээлин бекитет:

- ведомстволук сыйлыктарды белгиленген тартипте бекитет жана Агенттиктин кызматкерлерин сыйлайт;

- Агенттиктин кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого көрсөтөт;

- Агенттиктин кызматкерлеринин өкүлдүк органы менен жамааттык келишимге кол коет.

13. Агенттиктин директору байланыш боюнча башкы мамлекеттик инспектор болуп саналат; директордун орун басары, ошондой эле региондор аралык башкармалардын жетекчилери - Кыргыз Республикасында байланыш боюнча ага инспекторлор болуп эсептелишет.

14. Электр жана почта байланыш тармагындагы ишти жөнгө салуу боюнча маанилүү маселелерди кароо үчүн Агенттиктин алдында Агенттиктин директору же директордун орун басары башкаруучу туруктуу иштөөчү лицензиялык комиссия (мындан ары - комиссия), Консультациялык кеңеш (мындан ары - кеңеш) түзүлөт. Комиссия жана кеңеш жөнүндө жоболорду, алардын сандык жана сапаттык курамын Агенттиктин директору бекитет. Комиссиянын жана кеңештин чечимдери Агенттиктин токтому менен таризделет.

15. Агенттикте коомдук байкоочу кеңеш түзүлөт, ал Агенттик менен жарандык коомдун ортосунда өз ара макулдашылган иш жүргүзүү максатында түзүлүүчү консультациялык-байкоочу орган болот.

Коомдук байкоочу кеңештин чечимдери сунуш мүнөзүндө болот.

6. Агенттиктин мүлкү жана каржыланышы

16. Агенттиктин кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү мамлекеттик менчик болуп саналып, ажыратуу мыйзамга ылайык ишке ашырылат.

17. Агенттикти кармоо үчүн каржылоонун булактары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт, алар:

- лицензиялоо боюнча көзөмөлдөө иштерин жүргүзгөндүгү үчүн лицензиаттын лицензияланган иштен түшүүчү кирешесинин 1%и өлчөмүндө жыл сайын төлөнүүчү акы (тармактык пошлиналар);

- радиожыштык спектрин пайдаланууну көзөмөлдөө функциясын аткарганы үчүн жыл сайын алынчу акыдан, ага радиоконтролдун мамлекеттик системасын колдоого, өркүндөтүүгө жана өнүктүрүүгө төлөнүүчү акы да кирет;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, радиожыштык спектринин тилкелерин жана номиналдарын пайдалануу үчүн шайкештик сертификатын берүүгө кеткен чыгымдарды, Кыргыз Республикасынын аймагына радионурландыруучу же жогорку жыштыктагы электромагнит толкундарынын булагы болуп эсептелген радиоэлектрондук каражаттарды жана түзүлүштөрдү, башка техникалык каражаттарды алып келүүгө уруксаттарды, ошондой эле байланыш каражаттарын бажылык тариздөөгө мүмкүндүк берүүчү башка документтерди түзүүгө кеткен чыгымдардын ордун толтуруу үчүн алынган төлөмдөр;

- келишимдик милдеттенмелерге ылайык, Агенттик көрсөткөн кызматтар үчүн жеке жана юридикалык жактардан, мекемелерден жана уюмдардан алынчу каражаттардан которулчу суммалардан;

- башка жыйымдардан, төлөмдөрдөн, гранттардан, донордук жана башка уюмдардын жардамдарынан, мекемелердин, жеке адамдардын ыктыярдуу кошумчаларынан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардан.

18. Агенттик өз ишинен алган, ушул Жобонун 17-пунктунун экинчи абзацта каралган ар жылдык акыдан алынган каражаттын 60 пайызынан тышкаркы бардык финансылык каражаттар Агенттикке толук өлчөмдө берилет.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы N 231 токтомунун редакциясына ылайык)

19. Агенттиктин финансылык ресурстары төмөнкүлөргө пайдаланылат:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзгөчө жумуш шарттарын эске алуу менен Агенттиктин кызматкерлерине эмгек акы төлөөгө. Мында Агенттиктин инженер-техникалык кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмү тиешелүү кызмат боюнча мамлекеттик кызматчылардын кызматтык маяналарынын деңгээлинде белгиленет, ал эми кошумча үстөктөрдүн жана кошумчалардын өлчөмдөрү эмгек мыйзамдарынын жана жамааттык келишимдин шарттарына ылайык белгиленет;

- функциялык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүгө жана чыңдоого, анын ичинде ведомстволук, администрациялык жана башка имараттарды курууга, жабдууларды, шаймандарды, өлчөөчү техниканы сатып алууга;

- радиомониторингдин мамлекеттик системасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө;

- имараттарды, транспорт каражаттарды ижаралоо чыгымдарын төлөөгө, командировкалык, өкүлчүлүк жана башка чыгымдардын ордун толтурууга;

- ченемдик документтердин маалыматтык базасын түзүүгө (илимий жана техникалык адабияттар, стандарттар, эрежелер, регламенттер, ошондой эле мезгилдүү жана техникалык адабияттан көчүрмөлөр);

- Агенттиктин милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн программалык камсыздоо продуктуларын сатып алууга;

- илимий-изилдөө иштерин, программаларды, техникалык регламенттерди, ченемдик документтерди, усулдарды, колдонмолорду ж.б. иштеп чыгуу үчүн акы төлөөгө;

- Агенттиктин кызматкерлерин окутууга, такшалтууга жана квалификациясын жогорулатууга;

- радиожыштык ресурстарын пайдалануу жаатында улуттук кызыкчылыкты коргоо, байланыш жаатында эл аралык жана улуттук жөнгө салууну стандартташтыруу, шайкеш келтирүү максатында дүйнөлүк жана региондук конференцияларга, семинарларга катышууга;

- улуттук радиожыштык ыйгарууларды көп тараптуу жана эки тараптуу негизде мамлекеттер аралык координациялоого жана аларды нотификациялоого;

- Эл аралык электр байланыш уюмунун, Дүйнөлүк почта союзунун, Байланыш жаатындагы региондук шериктештиктин иштерине жана байланыш тармагына тиешелүү башка иш-чараларга катышууга;

- Кыргыз Республикасынын аймагындагы байланыш сапатына радиомониторинг жүргүзүүгө, көзөмөлдөөгө жана контролдоого;

- региондор аралык башкармаларды кармоого чыгымдарды каржылоо үчүн дотациялоого;

- жамааттык келишимде каралган төлөөлөргө.

20. Каражаттар директор бекиткен чыгымдардын сметасынын негизинде жана Жамааттык келишимдин шарттарына ылайык сарпталат.

7. Корутунду жоболор

21. Агенттикти өзгөртүп уюштуруу жана жоюу мыйзамга ылайык жүргүзүлөт.

20. Агенттиктин документтери Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө мыйзамга ылайык сакталат жана пайдаланылат

0
Обновлено 18.08.2016 14:10
 
Интересная статья? Поделись ей с другими:

Календарь

2024
Апреля
MoTuWeThFrSaSu
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930     

Баннеры

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Обратная связь

Разместить в социальных сетях



Государственно Агентство Связи
при ГКИТиС Кыргызской Республики

xporn1.com