Кыргызский (Kyrgyz Respublic)Русский (Russian Federation)English (United Kingdom)
13 февраль – Бүткүл дүйнөлүк радио күнү PDF Печать E-mail
Автор: Administrator   
12.02.2013 10:47

radio

 Урматтуу кесиптештер!

Заман тездик менен өнүгүп өзгөрүп келе жатат, азыркы заманды байланыш каражаттарысыз элестетүү мүмкүн эмес. Сиздер, Республикабыздын «маалымат өнүкөн өлкө» болушу үчүн талыкпай эмгектенип келе жатасыздар. Бир дагы адам өз жашоонун мунсуз элестете албай турган, Байланыш деген кыскача ат менен аталган, көп кырдуу жана жогорку технологиялуу, түмөн түйшүктү аркалаган тармакта бар күчүңөрдү, билим дараметиңиздерди жумшап келе жатасыздар.

Сиздерди Бүткүл дүйнөлүк радио күнү – кесиптик майрамыңыздар менен чын дилибизден куттуктайбыз!

Сиздерге чың ден соолук, бакыбат жашоо жана Байланыш тармагын өркүндөтүү багытындагы жаңы чыгармачыл ийгиликтерди каалайбыз!


Бүгүн, 13-февраль - Бүткүл дүйнөлүк радио күнү. Жаңы майрам, алгач 2012-жылы майрам катары белгиленди. Бул күндү майрам катары белгилөө чечимин, ЮНЕСКО 2011-жылы кабыл алган. Белгилөө датасы капыстан эле келип чыга калган жок, дал ушул 13-февраль күнү алгачкы жолу Бирикен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында жайгашкан «БУУ радиосу» эфирге чыккан.


Ушул майрамдын урматына, ЮНЕСКО курамына кирген көптөгөн мамлекеттер, радиоуктуруу компаниялары менен биргелешкен ар кыл иш чараларды өткөрүп жатышат. Ошондой эле, ушул күнү ар бир радиосүйүүчүлөр, дүйнө жүзүндөгү кесиптештерине куттуктоо радиограммаларды жиберсе ашыкча болбос.

Майрамдын демилгечилери, белгилеп кеткендей, бул майрам бардык радиого тиешеси барларды, мейли ири радиокомпаниялар болобу же жеке радиосүйүүчүлөр болобу, алардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө данакер болууга тийиш. ЮНЕСКО бардык өлкөлөрдү Бүткүл дүйнөлүк радио күнүн белгилөөгө чакырат.

ЮНЕСКО демилгеси менен кабыл алынган Бүткүл дүйнөлүк радио күнүнөн тышкары, Бүткүл дүйнөлүк радиосүйүүчүлөр күнү белгиленет. Бул күн - 18 апрелге туура келет.

1925-жылы Парижде Эл аралык радиосүйүүчүлөр уюму түзүлөт, жана ушундай майрамдын келип чыгышына өбөлгө болгон. Бир катар өлкөлөрдө, анын ичинен Кыргызстанда, Радио күнү белгиленет.

Бул майрам биздин мекендештерге, жаңы - Бүткүл дүйнөлүк радио күнү жана Бүткүл дүйнөлүк радиосүйүүчүлөр күнү аталган майрамдарга карганда кененирээк маалым. Кыргызстанда Радио күнү 7-майда белгиленет. Ушул күнү 1895-жылы орус физиги Александр Попов эң биринчи радиобайланыш сеансын ишке ашырган.


0
 
Интересная статья? Поделись ей с другими:

Календарь

2024
Мая
MoTuWeThFrSaSu
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  

Баннеры

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Обратная связь

Разместить в социальных сетях



Государственно Агентство Связи
при ГКИТиС Кыргызской Республики

xporn1.com