4G келечеги – гибриддик тармактар |
Автор: webmaster |
29.01.2013 06:14 |
Азыркы учурда вендорлор жана операторлордун гибриддик WiMAX/LTE тармактарын түзүүгө ниеттенүүсү, WiMAX рыногундагы негизги тренд болуп саналат. Мында алар өз тармактарында бир нече 4G технологиялардын бирге иштешүүсүн, келечекте алардын LTE-Advancedге аралашып кетүүсүн камсыз кылуу аракетин көздөшөт. Азыр байланыштын төртүнчү муундагы эки негизги (4G) технологилары – LTE жана WiMAX бар, алар шарттуу түрдө байланыштын төртүнчү мууну болуп саналат. LTE негизги айырмачылыгы, бул стандарт 3G (UMTS/HSPA, HSPA+) технологиясынын кийинки өнүгүү этабы экендиги, ал эми WiMAX болсо мобилдик кеңири тилкедеги жетишүү эволюциясынын өз алдынча бутагы.
LTE салыштырмалуу мүнөздөмөлөрдүн негизинде WiMAX технологиясы массалык жайылтууга алсыздык кылары айтылган. Көптөгөн алдыңкы вендорлор инвестицияларын WiMAX жумшап, кийин кайра LTE өтүшкөн. Ар кыл божомолдорго ылайык, 2015-жылга карата дүйнөлүк КТЖ мобилдик рыногунун абоненттик базасынын WiMAX боюнча үлүшү 1% тегерегинде, ал эми 4G абоненттик базасынын үлүшү 13% жетет (2-сүрөт). В J’son & Partners Consulting компаниясынын божомолдоолоруна ылайык, Россияда WiMAX рыноктогу үлүшү 1% ашпаган технология бойдон калууда. WiMAX дүйнөдө
Бир гана япондук UQ Communications оператору WiMAXты кардарларга өткөргүчсүз кызмат көрсөтүү үчүн гана эмес, WiMAX колдонулуучу магистралдык тармактарга туташтырылган Wi-Fi хот-спот тармактары аркылуу, уюлдук байланыш тармактардагы трафикти жеңилдетүү үчүн колдонот. UQ Communications жакынкы убактарда WiMAXты өчүрүүнү пландаштырбайт, тескерисинче абоненттик каражаттардын WiMAX-смартфон сыяктуу жаңы моделдерин иштеп чыгууда, жана WiMAX 2 технологиясы менен шайкеш жаңы каражаттарды чыгарууну көздөйт (MVNO моделин активдүү колдонуп келет). Эки ири WiMAX-операторлор - Clearwire (США) жана Packet One (Малайзия) LTE өтүүгө белсенип киришип жатышат.
|