Бишкек мэриясы 22-январда өткөргүчсүз Интернет белгиси үчүн сынактын жыйынтыгын чыгарды |
Автор: webmaster |
22.01.2013 08:16 |
Мэриянын пресс-кызматы билдиргендей, Интернетке акысыз туташуу аймагынын эмблемасына 2012-жылы жарыяланган сынактын жеңүүчүсү Марсель Шейшенов болду. Шаардын мэри Иса Өмүркулов жеңүүчүгө 20 миң сом акчалай сыйлык тапшырды. Мэрия Wi-Fi технологиясы боюнча Интернетке бекер туташуу түйүндөрүн жайгаштыруу демилгесин, мындан ары дагы уланта берерин билдирген. Мындай иш аракеттин алкагында, Ала-Тоо борбордук аянтына, Жаштар аллеясына, Политехникалык институт аймагында, ошондой Эркиндик бульварында өткөргүчсүз Интернет киргизүү пилоттук долбоору ишке ашырылды. Ушундай түйүндөрдү Дайыр Асанов атындагы сейил бакта (Түштүк Дарбаза), ошондой эле Ататүрк сейил багында ачуу пландаштырылууда. |