Кыргыз Республикасы уюлдук байланыш кызматына жазылуу боюнча өлкөлөрдүн рейтингинин ичинен 76-орунду ээледи. |
Автор: webmaster |
23.01.2013 07:41 |
Экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү (Global Competitiveness Index 2012-2013) отчетунун маалыматына ылайык, уюлдук байланыш кызматына жазылуу боюнча эл аралык рейтингде дүйнөнүн 114 мамлекеттеринин ичинен биздин өлкө 76-орунду ээледи. Төмөнкү өлкөлөр алдыңкы орундардга ээ болушту: Гонг Конг (209,6), Панама (203,9), Сауд Аравиясы (191,2), Монтенегро (185,3), Россия (179,3); Суринам (178,9); Оман (169); Финляндия (166), Кувейт (160,8), Ливия (155,7). Кыргызстанда уюлдук байланыш кызматына 100 кишиге 104,8 жазылуулар катталган. Рейтингде ошондой эле: Азербайжан — 64 орун (108,7), Молдова — 77 орун (104,8), Армения — 80 орун (103,6), Тажикстан — 96 орундарды (90,6) ээлешти. Тизмедеги 114 өлкөнүн ичинен эң акыркы катардагы өлкөлөр Чыгыш Африкадагы: Малави — 142 орун (25,1), Эфиопия — 143 орун (16,7) жана Бурунди — 144 орундагы (14,5) мамлекеттер болду. КМШ мамлекеттеринин арасынан алдыңкы катарда дагы деле Россия турат, ал тизмеде 7-орунда (166,3) турат жана Армения — 33 орун (125), Казакстан — 38 орун (123,3), Азербайжан — 75 орун (99), Молдова — 89 орун (88,6), Тажикстан — 91 орунду (86,4) ээлешкен.
|