Мобилдик телефондорду каттоого алуу телекоммуникация рыногун тартипке келтирүүгө жардамын тийгизет |
Автор: webmaster |
22.11.2012 07:35 |
22 ноябрда, Транспотрт жана коммуникациялар министрлиги «Argela» түрк компаниясы менен бирге «портативдик байланыш каражаттарын каттоо системасын киргизүү жана Кыргыз Республикасында телефон номерлердин көчүрмөлүүлүгү» долбоорун ишке ашыруу боюнча өз ара бир пикирге келишүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. «Биз бул долбоордун ишке ашырылшы үчүн Кыргыз Республикасына бир нече аспектлер боюнча жардам берүүгө даярбыз: долбоордун техникалык-экономикалык негиздемелерин даярдоого, ошондой эле ченемдик-укуктук, методикалык жана финансылык камсыздоо сыяктуу жардамдар»-, деп айтты «Argela» компаниясынын бизнести өнүктүрүү боюнча директору Саваш Танери, пресс-кызматка берген маегинде. «Түрк Телекомдун» негизги акционери болгон, бул Түрк компаниясы, дүйнөлүк масштабдагы алдыңкы тажырыйбаларга ээ болгон жана улуттук долбоолорду ишке ашыруу боюнча дагы көп тажырыйба топтогон ири компания. Жакынкы убактарда эки тараптын катышуусу менен эксперттик топ түзүү пландаштырылууда. «Биз азыр мобилдик телефондорду каттоого алуу боюнча мыйзамдолбоорду иштеп чыгуу жана талкууга алуу баскычында турабыз, биз мындай системаны киргизүүнүн жыйынтыгында келип чыга турган бардык социалдык жана экономикалык мүмкүн болгон таасирлерин карап жатабыз. Эң негизгиси мобилдик байланыш колдонуучулардын кызыкчылыгы эске алынат» - деп билдирди транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Нурлан Баяман. Анын айткандары боюнча, Мобилдик телефондорду каттоого алуу системасын киргизүү телекоммуникация рыногун жана байланыш каражаттарын Кыргызстанга ташып келүүнү тартипке келтирүүгө, жардамын тийгизет. «Кыргызстанга ташылып келип жаткан телефондор атайын бажы жана фискалдык жол жоболорсуз эле алынып келип жаткандыгы жашыруун эмес. Биз телефондорду ташып келүүгө төлөнүүчү кошумча каражатарды киргизели дебейбиз, себеби атайын төлөм акылар мурдатан эле белгиленген. Биз көзөмөлдү гана бекемдейбиз», - ал өз сөзүндө. Министрдин орун басары, дагы көптөгөн чечиле элек маселелер бар экендигине токтолду, мисалы мыйзам күчүнө киргенге чейин ташылып келинген телефондорду каттоо сыяктуу маселелер. Бул тууралуу Нурлан Баяман мындай деп билдирди: «Министрликтин чечими боюнча, мыйзам күчүнө киргенге чейин ташылып келинген телефондорду каттоо акысыз жүргүзүлүшү керек. Бул уюлдук байланыш кызматын колдонуучуларга эч кандай ыңгайсыздык жаратпайт, тескерисинче жакшы жактары бар. Мисалы, эгер телефон уурдалып же жоголуп кетсе, телефонго бөгөт коюп коюуга болот.» Каттоо системасы ишке киргизилсе, каттоого көзөмөл жүргүзүү милдетин, Байланыш операторлор ассоциациясы же Байланыш агенттиги, же болбосо Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу кошумча орган аткарат. «Биз «Почта жана электрдик байланыш жөнүдө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун даярдадык, бирок муну менен эле иш бүтүп калбайт. Буга тиешелүү ченемдик-укуктук актларды, нускамаларды, ж.б. иштеп чыгуу керек. Биз азыр ушуга окшогон долборлоду ишке ашырган компаниялар, операторлор менен жана бардык кызыкдар тараптар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Ошондуктан, мобилдик каржаттарды каттоо системасы ишке киргизиле турган так датасын айтуу кыйын» деп жыйынтыктады. |