Кыргызстан 2015- жылы толук бойдон санариптик телекөрсөтүүгө өтүүгө ниеттенүүдө |
Автор: webmaster |
02.04.2012 12:07 |
29-марттан 31-мартка чейин Ысык-Көлдө «Санариптик телекоммуникацияларды өнүктүрүүнүн тенденциялары» аттуу эл аралык тегерек стол болуп өттү. Форумга Кыргызстан, Россия, Кытай, Грузия жана Тажикстандын байланыш жаатындагы адистери катышты. КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору Алмазбек Кадыркулов өз сөзүндө «өлкөнүн жетекчилиги бизге Кыргызстанды 2015-жылы толук бойдон санариптик телекөрсөтүүгө өткөрүү боюнча тапшырма койду, азыр биз санариптик стандарттардын кайсы түрү биздин шартка ылайык келерин тандап алуубуз керек» экендигин айтып өттү. Ошондой эле тегерек столго Эл аралык электрбайланыш уюмунун Стандартташтыруу Бюросунун директору Малколм Джонсон катышты. |