2012-жылдын 3-4-апрелинде Астана шаарында (Казакстан республикасы) информатизация боюнча РРС комиссиясынын 27-отуруму жана маалыматтык коопсуздук боюнча РРС комиссиясынын 14-отуруму болот. |
|
|
|
Автор: webmaster
|
26.03.2012 12:08 |
Отурумдарда РРС мүчө мамлекеттеринде электрондук өкмөт программасын түзүү жана өнүктүрүү, Интернет айдыңындагы өз ара ишенүүчүлүк мамиледеги чектеш аймактарды түзүү, маалыматтык коопсуздукту камсыздоо сыяктуу маселелерди кароо пландаштырылууда, ошондой эле, бир катар актуалдуу маселелердин чечилиши менен РРС мүчө мамлекеттердин ортосунда бирдиктүү инфокоммуникациялык мейкиндиктин түзүлүшүнө алып келе турган маселелер каралат. Ушул убакыттын аралыгында эле Казахстан БА демилгеси менен, маалыматтык коопсуздук маселелери боюнча эл аралык семинар өтөт. Семинарга РРС мүчө мамлекеттеринин аткаруу бийлигинин иш билги органдарынын өкүлдөрү жана аталган маселелер менен алектенген эл аралык уюмдар жана компаниялардын катышуусу күтүлүүдө.
|
Обновлено 27.03.2012 07:58 |