Биздин өлкөнү 3G, LTE и WiMax тармактарын ишке киргизгендиги үчүн, байланыш 100% жетишкен өлкө деп аташты. Кыргызстан 196 өлкөнүн ичинен, өкмөттүн телекоммуникациялар жаатында мыкты жетишкендиктери үчүн номинациясы боюнча өнүккөн төрт мамлекеттин ичине кирди. Биринчи орунга Колумбиянын өкмөтү ээ болду. Өнүккөн төрт мамлекеттин ичине, Кыргызстан менен бирге, Бахрейн жана Сауд Аравиясы кирди.
Жыл сайын берилүүчү Global Mobile Awards эл аралык сыйлыгы мыкты мобилдик операторлорго жана мобилдик техника өндүрүүчүлөргө берилет. Дагы бир номинация – жылдын мыкты өкмөтү. Global Mobile Awards сынагы, глобалдык мобилдик системалар менен байланыштуу иш жүргүзгөн компанияларга жаңы иштеп чыккан продукцияларын, кызматтарын жана мобилдик коммуникациялар жаатындагы демилгелерин дүйнө жүзүнө жарыя кылууга мүмкүнчүлүк берет. Global Mobile Awards сыйлыгын тапшыруу аземи кечээ 28-февралда GSMA Бүткүл дүйнөлүк мобилдик конгрессинде Барселонада (Испанияда) болуп өттү. Сыйлык тапшыруу аземинини уюштуруучуларынын айтымында, жеңүүчү-өлкөнү тандоо көп талашка түшүп узакка созулган, ал эми Кыргызстан болсо калыстар тарабынан жогору баага татыктуу болгон деп билдиришкен, КР Байланыш агенттигине жолдогон катында. Калыстар тобу Кыргызстанды 3G, LTE и WiMax тармактарын ишке киргизгендиги үчүн, байланыш 100% жетишкен өлкө, дистанциондук билим берүү, жеткиликтүү мобилдик рынок өнүккөндүгүн, ошондой эле жыштыктарды берүүдө административдик тоскоолдуктарды кескин азайта алгандыгы жетишкендик деп белгилешти. Global Mobile Awards сыйлыгын алуу үчүн, ар кайсы номинациялар боюнча, дүйнөгө белгилүү Google, Apple, HTC, Cisco Systems, Facebook, Nokia, Samsung, Asus, Amazon, Acer, Evernote, Huawei, Turkcell, Vodafone, Orange Group сыяктуу жана башка көптөгөн компаниялар ат салышты. Жыйынтыгында эң мыкты мобилдик колдонмо делип Android үчүн Google Maps, эң мыкты смартфон - Samsung Galaxy S II, эң мыкты телефон - Nokia C3-00, жылдын өндүрүүчүсү деп Samsung компаниясы, эң мыкты мобилдик планшеттик компьютер деп Apple компаниясынын IPAD2 компьютери, ал эми эң мыкты технологиялык жетишкендик Vodafone Group компаниясына тиешелүү деп табылды.
|