КРӨ МБА Улуттук максаттуу программасы |
|
|
|
Автор: Administrator
|
05.02.2012 18:46 |
Кыргыз Републикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-апрелиндеги №239 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасын 2012-2014-жылдарда өнүктүрүү орто мөөнөттүү программасынын долбоорунун», «Улуттук долбоорлордун бюджети» 2.1. Тиркмесиндеги, «Байланыш» 7-бөлүмүнүн 5-пункту менен «Радиомониторинг системасын өнүктүрүү» каралган. Программанын максаты:
- Кыргыз Республикасында РЖС натыйжалуу колдонууга, байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жакшыртууга, РЖС ыкчам башкарууга багытталган жаңы Радиомониторинг системасын түзүү. Радиомониторингдин негизги милдеттери:
1. Лицензиялык макулдашууларды жана жыштык ыйгаруулардын шарттарынын аткарылышын текшерүүнү камсыз кылуу (РЭК максималдуу камтууга алууну камсыздоонун шарттарына жараша системанын топологиясына коюлуучу талаптарды аныктоо, лицензиялык макулдашуулар жана жыштык ыйгаруулардын шарттары менен аныкталган РЭК радионурданууларынын бардык параметрлерин ченөө жана текшерүү, жыштык ыйгарууларды жана лицензия алуучуларды эсепке алуучу маалымат топтому менен РЖС колдонууну пландаштыруу системасынын бирдиктүү кызматташуусу)
2. Радиожыштык ресурсун колдонуу жаатындагы иштердин реалдуу абалын баалоо жана спектрдин бош эместиги туурасында саны боюнча маалымат даярдоо (узак убакытка байкоо жүргүзүү жана анын жыйынтыгы боюнча биргелешкен статистикалык талдоо жүргүзүү, мында радиомониторингди автоматташтыруу жана башкаруу пункттарын түзүү, жана кийинки биргелешкен кызматташуулар үчүн ченөөлөрдүн жыйынтыгын жалпылаштыруу талап кылынат).
3. Атайын отчетторду жана материалдарды даярдоо, эл аралык мониторинг жүргүзүүчү кампанияларга катышуу, ж.б. (жабдуулардын эл аралык радиомониторинг пункттарына коюлуучу талаптарга жооп бергидей, системанын элементтеринин техникалык жабдылышын аныктоо)
Алынган маалыматтарды чогултуу, иргөө, талдоо, эсепке алуу жана сактоо боюнча бардык процесстерди автоматташтыруу, б.а. Кыргыз Республикасындагы радиомониторинг системасын пландуу түрдө өнүктүрүүнүн жыйынтыгында ишке ашырылган автоматташтырылган радиомониторинг системасынын бар болуусу.
|
Обновлено 18.08.2016 07:11 |