Кыргызский (Kyrgyz Respublic)Русский (Russian Federation)English (United Kingdom)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы PDF Печать E-mail
Автор: Administrator   
30.01.2012 19:49




КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ПРОГРАММАСЫ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын
5-сентябрындагы № 2264-V токтому менен бекитилген




Киришүү


Бул программа Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт) саясатын аныктоочу негизги документ катары иштелип чыкты.
Программанын негизин фундаменталдык жалпы адамзаттык дөөлөттөр жана ошондой эле Кыргызстандын элинин салттуу баалуулуктары дагы түзүшөт.

Өкмөттүн Программасы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесине ылайык келет жана учурдагы абалдын анализин камтыйт. Программа Өкмөт өзүнүн ишинде ишке ашыруучу максаттарды, милдеттерди жана негизги иштердин тизмесин аныктайт.

Программа ырааттуулуктун жана коомдун кызыкчылыктарын чагылдыруу принциптеринде иштелип чыккан. Программа Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2012-жылдын 5-сентябрындагы пленардык жыйынында айтышкан сунуштарын жана пикирлерин эске алуу менен толуктап иштелип чыкты. Программада ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-апрелиндеги № 239 токтому менен бекитилген 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин көпчүлүк коалициясына кирген партиялардын шайлоо алдындагы программалары жана Кыргыз Республикасынын Президентинин шайлоо алдындагы программасы да эске алынды.

Программаны иштеп чыгууда экинчи коалициялык Өкмөттүн “Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо” программасынын жакшы жактары жана ошондой эле катачылыктары да эске алынды. Башталган жакшы реформалардын баары улантылат жана өнүктүрүлөт.

Кыргыз Республикасына коомдун кызыкчылыктарына жооп берген өнүктүрүүчү максаттарга жетишүү жана элдин (коомдун) бакыбаттыгын арттыруу үчүн стабилдүү мамлекеттик башкаруу жана ырааттуу экономикалык саясат керек.

Өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы, айрыкча бюджеттин абалы жана жылытуу сезонуна даярдык кризиске каршы чечкиндүү чараларды көрүүнү талап кылгандыктан бул пландоонун горизонтун 6 айга чейин кыскартуу зарылдыгын жаратууда. Бирок мында орто мөөнөттүк жана узак мөөнөттүк келечектерге багыт алыш керек. Ошондуктан Программа жыл сайын, аткаруу үчүн жооптуу органдар жана аткаруу мөөнөттөрү көрсөтүлүп, иш-чаралардын толугураак планы менен толукталып турат.

Өкмөттүн ишинде жашоо-турмушту камсыздоочу негизги системалардын туруктуулугун камсыздоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын туруктуу экономикалык өнүгүшүнө багытталган социалдык-экономикалык реформаларды андан ары ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн негизги милдеттери төмөнкүлөр болмокчу:
- өлкөнүн экономикасын кризистен чыгаруу (оперативдик башкаруу мезгили);
- өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүү жана стратегиялык реформаларды ишке ашыруу жолу менен экономикалык өсүштүн туруктуу темпине жетишүү;
- чет өлкөлүк дагы, жергиликтүү дагы инвестицияларды тартууга шарт түзүү үчүн ыңгайлуу инвестициялык климат жана бизнес-чөйрө түзүү;
- мамлекеттин социалдык милдеттенмелери аткарылышын камсыздоо;
- улуттук коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоо;
- коррупцияга каршы күрөшүү;
- мамлекеттик башкаруунун компакттуу жана натыйжалуу системасын түзүү.
Өкмөт бул милдеттердин аткарылышы үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат жана бардык саясый күчтөрдү жана коомдук уюмдарды бул Программаны колдоого чакырат.


1. Учурдагы абалга баа


2012-жылдын 8 айынын жыйынтыгы “Кумтөр” кенинде өндүрүштүн кыскартылганына жана экономикалык саясаттын натыйжасыз жүргүзүлгөнүнө байланыштуу экономикалык өсүштүн орчундуу төмөндөгөнүн көрсөттү. Уланып жаткан дүйнөлүк экономикалык кризис да терс таасирин тийгизүүдө.

Алсак, ИДПнын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда реалдуу көрсөткөндө 4,6 пайызга азаюу менен 171,5 млрд. сомду түздү. “Кумтөр” кенин иштеткен ишканаларды кошпогондо ИДПнын көлөмү 2012-жылдын январь-августунда 162,2 млрд. сомду түздү жана 2011-жылдын январь-августуна салыштырганда 3,9 пайызга көбөйдү.

Экономиканын өсүш темпинин орчундуу азайышынын негизги фактору Доре куймасынын чыгарылышы (2,9 эсе) азайганы болду, анын натыйжасында өнөр жайлык өндүрүш 31,7 пайызга төмөндөдү жана экспорттук операциялардын 20 пайыз азайышына алып келди.

Айыл чарбада жагымсыз тенденциялар болду. Дан өсүмдүктөрүнүн пландалган 348,6 миң га ордуна иш жүзүндө 324,9 миң га жерге себилди, же бул өткөн жылдын деңгээлине салыштырганда 48,1 миң га аз болду. Иш жүзүндөгү айдоо аянттарды эсепке алганда дан эгиндердин күтүлгөн дүң жыйымы баштапкы маалыматтар боюнча 593,6 миң тоннаны түзөт, же бул өткөн жылдагыдан 206,2 миң тоннага аз.

Натыйжада өзүбүздө өндүрүлүүчү аштык буудайдын дефицити баалоолор боюнча, орточо түшүм 18,3 ц/га болгондо 278,6 миң тоннаны түзөт. Иш жүзүндөгү керектөөлөрдүн камсыздалышы 46,7 пайыздын деңгээлинде күтүлүүдө. Мындан тышкары, бардык облустарда дан эгиндерди жыйноодо артта калуу бар.

8 айдагы инфляция жогору болгон жок жана 2 пайыздын деңгээлинде болду, бирок кийинки айларда экономикада инфляциянын оорчулугу көбөйүп жатканы байкалууда. Августта негизги тамак-аш жана азык-түлүк эмес товарларга баалар кымбаттаганы байкалды, атап айтканда, жогорку сорттогу бир кг ундун баасы 12,0 пайызга жана биринчи сорттогу бир кг ундун баасы 14,0 пайызга кымбаттады; нан – 9,5 пайызга, А-80 жана А-93 бензиндин баасы 1,8 жана 2 пайызга кымбаттады.

Айыл чарбада болуп жаткан абал жана негизги товарларга баалардын кымбатташы элдин негизги тамак-аш продуктуларды алышына терс таасир тийгизиши жана азык-түлүктүн тартыштыгына алып келиши мүмкүн.

Экономиканын дээрлик бардык секторлоруна чет өлкөлүк тике инвестициялардын келиши орчундуу азайды. Мисалы, ушул жылдын I жарымынын жыйынтыгы боюнча чет өлкөлүк тике инвестициялардын келүүсү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда36 пайызга азайды. Инвестициялар боюнча абалга “Кумтөр” кенинин жана башка алтын кендердин тегерегиндеги пикир келишпестиктердин узарышы жана ашыкча саясатташтырылышы да таасир этип, бул инвестициялык климаттын начарлашына алып келди жана инвесторлордун маанайына терс таасирин тийгизүүдө.

Экономикада болуп жаткан абал өлкөнүн бюджетине таасирин тийгизип, 2012-жылдын бюджетинин параметрлери кайрадан каралды. Такталган болжол боюнча бюджеттин кирешеси 81,6 млрд. сом, же ИДПга карата 26,7 пайыз болот, баштапкы болжолго караганда 1 млрд. сомго өсүш камсыздалат. Мында чыгымдар 7,7 млрд. сомго көбөйдү жана 104,7 млрд. сомду түздү же ИДПга карата 34,3 пайыз болду. Ошентип, бюджеттин тартыштыгы 23,1 млрд. сомду түздү же ИДПга карата 7,6 пайыз болду, баштапкы болжолдо тартыштык 5,1 пайыз болоору белгиленген эле.

Бюджеттин киреше бөлүгү боюнча болжол аткарылбай калуу тобокели бар. Баштапкы маалыматтар боюнча бюджетке каражаттын кем түшүүсү 4,1 млрд. сомго жакын болот, анын ичинде эл аралык уюмдардан кем түшүү - 60 млн. АКШ долларына жакынды түзөт. Мында калктын социалдык жактан аялуу катмарларынын жашоо деңгээли кескин төмөндөп кетиши болтурбоо үчүн бюджеттик тобокелдер социалдык чөйрөнү каржылоого такай көңүл бурууну талап кылат.

Финансылык чөйрөдө проблемалуу банктарды жөнгө салуу процесстери аяктабаганына, кардарлардын каражаттары жана күрөөгө койгон мүлктөрү тоңдурулганына байланыштуу тобокелдер сакталууда. Мындай проблемалар банктардын жана микрофинансылык уюмдардын кредит берүү чөйрөсүндөгү кредиттик жогорку тобокелдер менен айкалышканда экономиканын өсүшүнө терс таасирин тийгизип жатат.
Болуп жаткан ички жана тышкы тобокелдер ИДПнын өсүшүнүн жаңыланган божомолун жасоого терс таасир тийгизүүдө.
Күзгү-кышкы мезгил өлкөнүн кышка даярдануусунда жана бүткүл отун-энергетикалык комплекстин ишин жакшыртууда чечилбей келаткан проблемаларды курчутууда.

Экономиканын тармактарын жана социалдык чөйрөнүн объекттерин алдыдагы кышка даярдоо графиктен артта калууда. Бишкек шаарынын ТЭЦи, эл жана бюджеттик уюмдар көмүр менен 27,2 пайыз, мазут менен – 47,5 пайызга камсыздалышкан. Электр энергетикасындагы ишканаларда өсүп жаткан дебитордук карыздары бар, керектөөчүлөрдөн акы жыйноо система боюнча орточо 94,4 пайызды түзөт.
Мамлекеттик институттарда стабилдүүлүктүн жоктугу жана экономикалык саясатта удаалаштыктын жоктугу өлкөнүн өнүгүүсү үчүн олуттуу тоскоолдук болууда. Бул узак мөөнөттүк максаттарды аныктоого жана аларга жетишүү үчүн максат көздөгөн саясат жүргүзүүгө жолтоо болуп жатат. Бул ошондой эле бизнестин Өкмөткө болгон ишеничин азайтып, экономикалык өнүгүүнүн мамлекет колдоого алуучу приоритеттерин эске алуу менен узак мөөнөттүү пландарды түзүүгө мүмкүндүк бербей жатат.


2. Өкмөттүн негизги максаттары жана милдеттери


Региондук жана дүйнөлүк саясат активдүү трансформацияланып, эл аралык экономикалык интеграциянын жаңы объекттери пайда болууда. Белоруссиянын, Казакстандын жана Россиянын катышуусу менен Бажылык союз түзүлгөнүнө байланыштуу республиканын башка өлкөлөрдөн товарларды транзит менен өткөрүүдөн киреше алууга болгон мүмкүндүгү орчундуу азаят.

Азыркы учурда Кыргызстандын экономикасы экономикалык өнүгүүнүн жалпы коом менен кабыл алынган жаңы концепциясына муктаж болуп турат. Учурдагы кырдаал колдо болгон конкуренциялык артыкчылыктарыбызга негизделген, экспортко багытталган ургаалдуу өнүгүү моделин тандап алууну милдеттендирип жатат. Келечекте экспортту тез убакыттын ичинде көбөйтүүгө, атаандаштыкка жарактуу продукцияны өндүрүүгө жана кызматтарды көрсөтүүгө багытталган өндүрүшкө багыт алуу зарыл.

Мында экономикада транзиттик функцияларды сактоо мүмкүндүгү колдоого алынат.
Өкмөт мамлекеттик башкаруу системасын чыңдоо жана экономиканын айрым чөйрөлөрүн стабилдештирүү, инвесторлордун биздин өлкөгө болгон ишенимин калыбына келтирүү боюнча биринчи кезектеги маселелерди чечүүгө күч-аракетти топтоосу зарыл. Көрүлгөн чаралар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу багыттарына топтоштурулуп, анын экспорттук потенциалын жогорулатууга жана ушунун эсебинен элдин иш менен камсыздыгын арттырууга, жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга тийиш.

Өкмөттүн Программасы учурдагы айрыкча курч проблемаларды чечүүгө, экономикалык реформаларды жүргүзүү үчүн туруктуу платформа түзүүгө, экономикалык иштин Кыргызстан үчүн айрыкча приоритеттүү чөйрөлөрүндөгү стратегиялык демилгелерди ишке ашырууга багытталган.
Өкмөттүн негизги максаты – экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу өндүрүштөрдү түзүү жана ургаалдуу өнүктүрүү аркылуу экономикалык өсүштүн туруктуулугун камсыздоо, бул элдин иш менен камсыздыгын көбөйтөт жана жашоо деңгээлин жогорулатат.


2.1. Оперативдик башкаруу мезгили (2012-жылдын сентябры – 2013-жылдын марты)


Өкмөттүн оперативдик башкаруу мезгилиндеги (2012-жылдын сентябры – 2013-жылдын марты) максаты төмөнкүдөй негизги маселелерди чечүү жолу менен экономиканы жакшыртууну жана аны кризистен чыгарууну, элдин жашоо деңгээлин жогорулатууну көздөйт, ал маселелер:
- 2012-2013-жылдын күз-кыш мезгилинен авариясыз штаттык режимде чыгуу;
- түшүмдү өз убагында жыйноо жана күзгү талаа жумуштарын жүргүзүүгө даярдануу;
- зарыл мамлекеттик резервдерди түзүү жана негизги тамак-аш товарларга бааларды стабилдештирүү аркылуу азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо;
- өнөр жайдагы абалды жакшыртуу;
- мамлекеттик чыгымдарды оптималдаштыруу, бюджеттик тартипти чыңдоо, социалдык милдеттенмелерди аткаруу жана бюджеттик процесстин ачык-айкындыгын камсыздоо;
- ишкерлер менен туруктуу байланнышты түзүү, аларда болгон проблемаларга тез чара көрүү.


2.1.1. Күз-кыш мезгилге даярдануу


Өкмөт бүткүл отун-энергетикалык комплексти башкарууну орчундуу жакшыртат. Ишканалардын жетекчилери жылытуу мезгилине даярдык жана андан чыгуу үчүн жеке жоопкер болушат. Ошону менен эле бир убакта электр, жылуулук жана газ менен үзгүлтүксүз камсыздоо, коромжулуктарды жана аварияларды азайтуу, ишканалардын сапаттык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу үчүн стимулдар киргизилет. Өкмөттүн иш-аракети көмүрдүн, мазуттун керектүү өлчөмдөгү запастарын топтоого, оңдоо-калыбына келтирүү жумуштарын өз убагында бүтүрүүгө топтоштурулат. Өкмөт керектүү финансылык каражатты камсыздайт жана социалдык объекттердин күз-кыш мезгилге карата даярдыгына текшерүү жүргүзөт.

Күз-кыш мезгилге даярдык бир топ терс факторлорго байланыштуу татаалдап жатат. Токтогул каскадындагы ГЭСтердин, Бишкек жана Ош шаарларынын ТЭЦтеринин негизги жабдууларында оңдоо жумуштарын жүргүзүүнүн, жалпы республика боюнча отун камдоонун графигинде орчундуу артта калуу бар. 2012-жылдын 1-августуна карата жалпысынан 237,1 миң тонна көмүр камсыздалды, бул белгиленген тапшырманын 38,7 пайызын түзөт. Ошондой эле Бишкек шаарынын ТЭЦи үчүн отун алып келүүдө проблемалар бар; оңдоо жумуштарын жүргүзүү графигиндеги артта калуулар жана ал жумуштар жетиштүү каржыланбай жатканы байкалат.
Жылытуу мезгилине ийгиликтүү даярдануу үчүн төмөнкүдөй иштер аткарылат:
- табигый газды керектүү көлөмдө үзгүлтүксүз алууну камсыздоо;
- отун сатып алуу, ошондой эле керектелген электр, жылуулук энергиялары, табигый газ, көмүр жана мазут үчүн карызды жоюу үчүн бюджеттик уюмдарды өз убагында каржылоо;
- отун камдоо графигинин сакталышын катуу контролдоо;
- Токтогул суу сактагычында суунун деңгээлин коопсуз деңгээлде кармап туруу боюнча чара көрүү;
- электр станцияларындагы жана подстанциялардагы электр жабдууларынын капиталдык жана учурдагы ремонтун аяктоо;
- буу казан жабдууларын ремонттоо жана күзгү-кышкы мезгилден өтүү убагында “Кыргызтураккоммунсоюз” мамлекеттик ишкана технологиялык обьекттерин электр менен үзгүлтүксүз жабдуу;
- бюджеттик уюмдар, шаарлардын мэриялары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен түзүлгөн келишимге ылайык талаптагыдай сапаттагы жергиликтүү көмүрдү өз убагында финансылоо жана берүү;
- калкка сатылган көмүрдүн баасынын өсүшүнө жол бербөө боюнча чара көрүү;
- калкты, социалдык обьекттерди отун менен камсыз кылуу жана жарандардын жеңилдиктүү категорияларына каражатты өз убагында бөлүп берүү.


2.2.2 Түшүмдү оруп жыйноону аяктоо жана күзгү жана жазгы талаа иштерине даярдануу


Өкмөт түшүмдү оруп жыюуну өз убагында аяктоо, күзгү себүүнү уюшкандыкта өткөрүү жана 2013-жылдын күзгү жана жазгы талаа жумуштарына даярдык көрүү, КММ, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн жана жер семирткичтердин зарыл болгон запастарын түзүү маселелерин чечет. Өткөн кыштын сабактарын эске алуу менен мал чарбасы үчүн тоюттун жетишсиздиги кырдаалын алдын алуу боюнча чаралардын комплексин кабыл алуу зарыл.
2012-жылдагы күзгү-талаа жумуштарын жана 2013-жылдагы жазгы-талаа жумуштарын ийгиликтүү жүргүзүү үчүн төмөнкүдөй иш-чаралар өткөрүлөт:
- үрөн материалынын, жер семирткичтердин жана күйүүчү-майлоочу материалдардын зарыл запасын камсыз кылуу;
- азот жер семирткичтери заводун куруу үчүн инвесторлорду тартуу;
- финансылоонун зарыл болгон көлөмүн бөлүп берүү менен мамлекеттик суу чарба обьекттеринде жана ирригация системасында ремонттук-калыбына келтирүү жумуштарын өз убагында өткөрүү;
- финансылоонун зарыл болгон көлөмүн бөлүп берүү менен айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн машина-трактор паркын даярдоо жана өз убагында ремонттоо;
- айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн, тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларын жеңилдиктүү кредиттөөнүн натыйжалуу механизмин иштеп чыгуу;
- аралаш тоют өндүрүшү боюнча заводдордун өндүрүштүк кубаттуулуктарын калыбына келтирүү жолу менен аралаш тоюттар өндүрүшүн уюштуруу;
- 2012-2013-жылдар кыш мезгилинен өтүүчү тоюттун жетиштүү көлөмүн даярдоо боюнча зарыл болгон уюштуруу чараларын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге жүргүзүү.
Өкмөт жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары да айылдык товар өндүрүүчүлөргө зарыл болгон колдоо көрсөтүү тийиш экендигин белгилейт.

2.2.3 Азык-түлүк коопсуздугун жана бааларды стабилдештирүүнү камсыз кылуу


Өкмөт ички азык-түлүк рыногун толтуруу боюнча чара көрөт, эки тараптуу келишимдерге ылайык өлкө ала турган 200 миң тонна казак эгинин жана 100 миң тонна орус эгинин алууга жана пайдаланууга контролдукту камсыз кылат.
Азык-түлүк товарларына баанын өсүшүн тизгиндөө жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мамлекеттик резервди зарыл запастар менен камсыз кылуу боюнча чара көрүлөт.

Бааларды чайкоочулук менен жогорулатууга жол бербөө боюнча уюштуруу жана жөнгө салуучу, ошондой эле ички рынокту азык-түлүк продукциясы менен толтуруу чаралар жагдайга жараша көрүлөт, атап айтканда:
- азык-түлүк кризисине жол бербөө маселелерин чечүү үчүн, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда мал жана канаттуулар үчүн тоюттардын запасын түзүү үчүн зарыл болгон мамлекеттик материалдык резервдин запастарынын деңгээлин аныктоо;
- мамлекеттик материалдык резервге коюу үчүн аштык буудайды сатып алууну уюштуруу;
- негизги тамак-аш азыктарынын тизмесине киргизилген азык-түлүк тобунун товарларына колдонулуучу бажы алымдарына анализ жүргүзүү жана зарыл болгон учурда аны кайра караштыруу боюнча сунуштарды даярдоо;
- азык-түлүк рыногунда чарба субьекттеринен чайкоочулук аракеттерин өз убагында айкындоо жана четтетүү;
- айыл чарба продукциясын сатуу боюнча жарманкелерди уюштуруу жана өткөрүү;
- фирмалык соода түйүндөрүн ачууда кайра иштетүүчү ишканаларга көмөк көрсөтүү;
- буудай жана ун экспортуна чектөө же тыюу салуу сыяктуу коргоо чараларын жүргүзүү.


2.2.4 Өнөр жайындагы кырдаалды стабилдештирүү


Өнөр жайында чечүү үчүн атайын чаралар көрүүнү талап кылган проблемалар сакталып калууда. Чийки зат жана материалдык ресурстардын импортуна күчтүү көз карандылык орун алды. Квалификациялуу адистердин жетишсиздиги белгиленүүдө. Өзүбүздүн жүгүртүү каражаттарыбыздын жетишсиздиги, жогорку пайыздык ставкалардан улам коммерциялык кредиттер алуунун чектелүүсү негизги фонддорду жаңыртууга, жаңы технологияларды өздөштүрүүгө тоскоолдук келтирүүдө. Бул баасы жана сапаты боюнча көптөгөн ата-мекендик товарлардын атаандаштыкка жараксыздыгына алып келүүдө.

Негизги фонддорду жаңылоо процессин стимулдаштырууга лизинг операциялары боюнча берүүлөрдү кошумча нарк салыгынан жана сатык салыгынан бошотуу көмөк берет.
Бажы союзунун ченемдерин жана талаптарын киргизүүгө байланышкан соода шарттарын өзгөртүү Бажы союзуна катышуучу мамлекеттердин техникалык регламенттерин Кыргызстандын аймагында колдонуу максатында стандартташтыруу боюнча эл аралык келишимдерди түзүүдө эске алынат. Сынак лабораторияларын модернизациялоо боюнча иш жүргүзүлөт.


2.2.5 Бюджеттин туруктуулугу жана социалдык милдеттенмелерди аткаруу


Өкмөт мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу боюнча кошумча чара көрөт. Администрациялык жана коомдук имараттарды курууга жана ремонттоого, кызматтык автотранспортту сатып алууга чыгымдар кыскартылат.
Чыгашалуу мамлекеттик ишканаларды, бирикмелерди жана фонддорду жоюу боюнча, жаңы ишканаларды түзүүдө мамлекеттин катышуусун түздөт-түз финансылоого каражаттарды бөлүүнү токтотуу боюнча иш жүргүзүлөт. Каражаттарды үнөмдөө максатында дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн функцияларын жана кызматкерлеринин санын оптималдаштырууну жүргүзүү зарыл.

Мамлекеттик финансы системасында каражаттарды майнапсыз бөлүштүрүүнү, коррупциялык схемаларды, ар кандай кыянатчылыктарды жок кылууга багытталган чечкиндүү реформалар жүргүзүлөт. Мамлекеттик финансылоо системасын реалдуу экономикалык долбоорлорду жана программаларды жүргүзүүгө багытталат. Реформалар борбор менен региондордун ортосунда финансы ресурстарын бөлүштүрүүгө да тийиштүү болуп, жарандардын турмуш сапатын жакшыртуу максатында региондордун өз алдынчалыгын күчөтүүгө багытталууга тийиш.

Көрүлгөн чаралар Өкмөткө мамлекеттин социалдык милдеттенмелерин аткарууга мүмкүндүк берет, бюджеттик каражаттар биринчи кезекте даректүү колдоо көрсөтүүнү жана социалдык төлөөлөрдүн жатып ичерликти колдоо формасына айланышына жол бербөөнү камсыз кылып, корголгон беренелерди финансылоого бөлүнөт.

Төмөнкү чараларды ишке ашыруу зарыл:
- коррупциялык схемаларды жана уурдап жок кылууларды түп тамырынан бери жоюу, башкарууну жакшыртуу жолу менен салыктын жана бажы төлөмдөрүн жыйноону көбөйтүү;
- бюджеттин кирешелерин көбөйтүү боюнча кошумча мүмкүнчүлүктөрдү аныктоо максатында мамлекеттин бардык болгон финансылык активдерин инвентарлаштырууну жана баалоону аяктоо;
- салыктык жана бажы органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, ишкердик иш кирешеси жогору чөйрөлөрүнө (алкоголдук, тамеки, энергетика тармагы, КММ жүгүртүү) контролдукту катаалдаштыруу;
- бюджеттин дефицитин кыскартуу үчүн 2012-жылдын калган айларында бюджеттик каражаттарды катуу үнөмдөө режимин киргизүү. Бюджеттин ресурстук мүмкүнчүлүктөрүн биротоло аныктаганга чейин бюджеттен финансылоо бюджеттин корголгон беренелери жана коммуналдык чыгымдар (чектөөлөрү менен) боюнча гана ишке ашырылат. Калган бардык чыгымдар алардын өзгөчөлүгү белгиленгенде гана ишке ашырылат.


2.1.6. Бизнес менен өз ара аракеттенүү


Өкмөт жана аткаруу органдарынын жетекчилери ишкерлерге негизсиз дооматтар жана кысымдар көрсөтүлгөн учурда оперативдүү жана жигердүү көңүл бурууга тийиш. Жергиликтүү жетекчилердин ишкердик климатты жакшыртууда солгундугунун дал өзү борбордук биликтин бардык күч-аракеттерин жокко чыгарат, ал эми кээ бир учурларда кабыл алынган мыйзам актыларын бузууларга алып келет. Жергиликтүү жетекчилердин компетенттүүлүгүнүн деңгээли региондогу орун алган ишкердик климаттын деңгээли боюнча бааланат.

Өкмөт эл аралык рейтингдерде өлкөнүн позицияларын жакшыртуу боюнча чараларды иштеп чыгууда жана ишке ашырууда бизнес-коомчулук менен бирге активдүү иш жүргүзөт. Биринчи кезекте негизсиз текшерүү фактылары токтотулат, энергия тармактарына кошулуу жол-жоболору, курулушка уруксат алуу, көмүскө бизнестин көлөмүн кыскартуу боюнча чаралар көрүлөт.


2.3 Стратегиялык багыттарды улантуу


Өкмөт тарабынан экономикалык да администрациялык чөйрөлөрдө да реформаларды өткөрүүнүн мурастуулугун жана ырааттуулугун камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чаралар көрүлөт. Кыргыз Республикасын региондук экономикалык союздарга интеграциялоо, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун жогорулатуу жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү сыяктуу бардык башталган стратегиялык долбоорлор улантылат.

Ошол эле учурда өкмөт тарабынан мурдагы өкмөттөрдүн иштеринин алынган тажрыйбасы жана оңдуу жыйынтыктары эске алынат, бирок Кыргызстандын экономикасындагы жана дүйнөлүк экономикадагы учурдагы кырдаалдын жаңы талаптары да эске алынат.

2.2.2. Тармактык артыкчылыктарды ишке ашыруу

2.2.2.1. Энергетика


Энергетика – өлкөнүн экономикасынын алдыңкы тармагы. Бүгүнкү күндө тармакта бир катар проблемалар бар.
Материалдык-техникалык жана өндүрүштүк базаны жаңыртууну жетишсиз финансылоо жабдуулардын жогорку физикалык жана моралдык эскиришине алып келди, бул энергия системасынын туруктуу иштөөсү, экономиканын башка тармактарын стабилдүү энергия менен жабдуу үчүн жол берилгис жогорку тобокелдиктерди түзөт.

Керектөөчүлөр үчүн электр энергиясын туруктуу берүү аны өлкөнүн түндүк региондорунда берүүдөгү, кышкы сезондогу эң жогорку күч келтирүүнү жабуудагы азырынча чечилбеген проблема менен да
Башкаруунун сапаты коммерциялык жана техникалык жоготуулардын чечкиндүү төмөндөтүү милдетин чечүүгө мүмкүндүк бербейт, ал эми дебитордук карыздын өлчөмдөрү өтө жогору бойдон калууда.

Ресурстарды үнөмдөө саясаты катары энергия үнөмдөө жетишсиз сакталып, товар бирдигин өндүрүү чыгымдары ченемсиз чоң бойдон калууда.
Энергетика саясатын саясий факторлордун таасиринде калып, бул экономикалык жактан негизделген чечимдерди кабыл алууну татаалдаштырууда.
Кыргызстан эң ири гидроэнергетикалык ресурстарга ээ, алар жетишсиз пайдаланылууда.
Энергетиканы өнүктүрүү үчүн төмөнкү чаралар ишке ашырылат:
- жаңы гидроэлектрстанцияларын куруу жана иштеп жаткандарын реконструкциялоо жолу менен кубаттуулуктарды арттырууну көбөйтүү, электр энергиясы менен өлкөнү туруктуу камсыздоо жана экспорттоо үчүн электр берүү линияларын өнүктүрүү, электр энергиясын чыгаруучу компанияларда жекече инвестицияларды стимулдаштыруу;
- энергия компанияларында корпоративдүү башкаруу принциптерин өнүктүрүү жана электр энергиясын бөлүштүрүү системасындагы ортомчу түзүмдөрдүн ишин токтотуу;
- энергия компанияларынын ортосунда өз ара энергия берүүлөрдүн жана өз ара эсептешүүлөрдүн эсебин алуу функциялары менен көз карандысыз эсептешүү борборлорун түзүү;
- экономикалык стимулдарды түзүү жолу менен энергия ресурстарын (электр энергиясын, газ отунун, көмүрдүн ж.б.) керектөөнүн кыйла тең салмактуу деңгээлине жетишүү;
- энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана керектөөчүлөрдү стабилдүү, ишенимдүү электр менен жабдуу үчүн энергия секторундагы ири узак мөөнөттүү инвестициялардын зарыл болгон деңгээлин камсыз кылуу жана энергия компанияларынын чыгымдарын толуктоону караштырган электр энергиясына орто мөөнөтүү тарифтик саясатты иштеп чыгуу жана бекитүү.
Экспорттук мүмкүнчүлүктү өнүктүрүү жана инновациялык технологияларды тартуу энергетикадагы саясаттын эң маанилүү компоненти болуп калат:
- региондор аралык энергетикалык долбоорлорго, эң оболу Түштүк Азиядагы, коңшу өлкөлөрдөгү долбоорлорго активдүү катышуу, тиешелүү материалдык-техникалык базаны жана укуктук негизди түзүү.


2.2.2.2. Айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы


Айыл чарбасы – бул экономиканын түзүмүн калыптандыруучу тармак, өлкөнүн калкынын чоң бөлүгүнүн жыргалчылыгы жана турмуш шарттары ага көз каранды.

Бүгүнкү күндө айыл чарбасы, финансы ресурстары, машиналар жана жабдуулар, өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды коргоо боюнча тейлөөлөр, жердин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларынын продукциялары, ирригация, өзгөчө вегетативдүү мезгилдеги ирригация менен жетишсиз камсыздалган.
Чыгарылган продукцияны сатып өткөрүү татаал проблема болуп саналат. Фермерлер урунттуу финансылык жоготууларга дуушар болууда, бул чарбаларды жетиштүү финансылык ресурстардан жана экономикалык жүйөө себептерден ажыратууда.
Айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн жана аны кайра иштетүүнүн байланышынын начардыгы кошумча нарктын төмөнкү деңгээлин шарттайт, бул айыл чарба өндүрүшүнүн киреше бөлүгүндө чагылдырылат.
Фермерлердин жерлеринин чакандыгы, жер участокторун бириктирүүнүн деңгээлинин төмөндүгү менен шартталган өндүрүштүн майда товардуулугу жогору бойдон калууда.
Айыл чарбасын жана кайра иштетүүнү өнүктүрүү үчүн төмөнкү чаралар ишке ашырылат:
- айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү, МЖИ өндүрүш принциптеринде кооперативдерди, кайра иштетүүчү ишканаларды, машина-тракторлор компанияларын түзүү;
- финансы-кредиттик инфраструктураны, лизингди өнүктүрүү аркылуу финансы ресурстарын жана айыл чарба жабдууларын алууну кеңейтүү;
- атайын чарбалар үчүн зарыл ресурстарды (жерди, финансы ресурстарын ж.б.) бөлүү аркылуу үрөнчүлүктү жана асыл тукум мал чарбачылыгын арзан жана сапаттуу товарлар, тейлөөлөр менен камсыздоо, азыркы илимдин жетишкендиктерин пайдаланууну кеңейтүү;
- суу чарба мелиорациялык курулмаларды куруу жана реконструкциялоо аркылуу суу ресурстарын жетиштүү алууну камсыздоо, жердин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана аларды майнаптуу пайдаланууга көмөк көрсөтүү, минералдык жер семирткичтер ж.б. менен камсыз кылууда колдоо көрсөтүү;
- айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн терең өндүрүштүк байланыштары менен кошумча нарк түйүндөрүн түзүүнү колдоо аркылуу айыл чарба кластерлерин, тышкы рынокко чыгуу менен кайра иштетүүчү өнөр жайын жана дүң, чекене сооданы өнүктүрүү;
- экологиялык таза продукцияны өндүрүшүн жана экспортун өнүктүрүү.


2.2.1.5. Жеңил жана иштетүүчү өнөр жайы


Мурда жеңил өнөр жайы республиканын экономикасынын эң өнүккөн тармагы эле, Кыргыз Республикасынын мурдагыдай эле бир катар жеңил өнөр жай тармактарын жергиликтүү жана алып келинген чийки заттарды, колдо болгон өндүрүштүк инфраструктураны жана кесипкөй жумушчу күчтөрүн пайдалануу менен пайдалануу менен өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Экспортко багытталган тигүү, галантерея, текстиль, чыт кездеме, жүн жана булгаары-бут кийим өнөр жайын өнүктүрүү үчүн, ошондой эле эмерек өнөр жайы үчүн шарт бар.
Жеңил өнөр жай тармактарын өнүктүрүү үчүн төмөнкүдөй чаралар ишке ашырылат:
- экспорттук продукция өндүрүүгө багытталган аймактык индустриялык парктарды түзүү;
- тармакка тышкы жана ички инвестициялардын келүүсүн стимулдаштыруу;
- жеңил өнөр жай тармактарында легалдуу жана көмүскө бизнестин теңдиктүү эмес атаандаштыгына бөгөт коюу, иштеп жаткан өндүрүштөрдү көмүскөдөн чыгаруу боюнча чара көрүү, анын ичинде жөнөкөйлөтүлгөн салык салуу режимин киргизүү, ошондой эле башкарууну жакшыртуу боюнча чара көрүү.
-
2.2.1.6. Туризм


Кыргызстан өтө майнапсыз пайдаланылган рекреациялык чоң ресурстарга ээ. Туризмдин өнүгүшүнүн өтүлгөн жолу экология үчүн коркунуч туудурган жана коом үчүн пайда келбеген кустарлык туризм катары мүнөздөөгө болот. Азыркы турган турушунда аны андан ары өнүктүрүү мүмкүн эмес.
Туризмди өнүктүрүү үчүн төмөнкүдөй чаралар ишке ашырылат:
- өлкөнүн рекреациялык ресурстарына инвентаризация жүргүзүү, ресурстар тармагы үчүн башкыларды жана ири инвесторлорду тартууга аймактарды аныктоо;
- туристтик мезгилдин жыл бою иштеши үчүн шарттарды түзүү, конкреттүү максаттуу базарларга багытталган кеңири катардагы туристтик продуктуларды өндүрүү;
- Кыргызстандын рекреациялык ресурстарын өздөштүрүүгө ири чет өлкөлүк инвестицияларды, белгилүү туристтик бренддерди тартуу боюнча программаларды ишке ашыруу;
- жаратылышты пайдалануу саясатын курчап турган чөйрөнү коргоо, өзгөчө рекреациялык ресурстарды пайдаланууда талаптарды катуулатуу багытына өзгөртүү.


2.2.1.5. Кен казып алуу тармагы


Пайдалуу кендерди өздөштүрүүдөн түшкөн кирешелер – бул мамлекеттин экономикасын модернизациялоодо ири булак болуп эсептелет.
Мурда түзүлгөн айрым келишимдер Кыргызстан үчүн пайдасыз болуп чыкты, өндүрүш ишин ишке ашыруу процессинде ишкана тарабынан курчап турган чөйрөгө зыян келтирилген учурлар да бар.
Өлкө ири кең чыккан жерлерди толук масштабдуу иштетүүнү баштай албайт: жер казынасын пайдалануу жол-жобосун тариздөө көп сандагы талаптарды аткаруу зарылдыгы, экспертизаларды жүргүзүү жана көп сандаган макулдуктарды алуу менен шартталган.

Мамлекеттин позициясынын так эместиги жана инвесторлор тарабынан өз милдеттеринин аткарылбагандыгы пайдалуу кендер чыккан жерлерди өздөштүрүү процессин узак мөөнөткө токтоткон көптөгөн соттук териштирүүлөргө алып келди.
Кен казууну өнүктүрүү үчүн төмөнкү чаралар ишке ашырылат:
- дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келген катуу экологиялык мыйзамдарды иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
- лицензия берүү жол-жоболорунун толук ачык-айкындыгын камсыз кылуу;
- мурда берилген лицензияларга инвентаризация жана лицензияланган макулдашуулардын аткарылышын мониторинг жүргүзүү боюнча масштабдуу иштерди жүргүзүү;
- калк жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен конкреттүү районду же калктуу конушту өнүктүрүү үчүн кен казып алуу тармагына инвестициялардын маанилүүлүгү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- иштеп жаткан кен чыккан жерлерди өздөштүрүү темпин күчөтүү жана тармактык ведомствонун жана ишканалардын жетекчилеринин биргеликтеги иши аркылуу жаңы кен чыккан жерлерди даярдоо, жеке инвестицияларга түрткү берүү, жергиликтүү коомчулук менен пайда болгон көйгөйдү жөнгө салууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан реалдуу жардам көрсөтүү;
- маанилүү жана мөөнөттүү инвестицияларды талап кылуучу ири кен чыккан жерлерди инвесторлордун алуу шарттарын кайра карап чыгуу, айрым учурларда инвесторлор үчүн коркунучтарды төмөндөтүү жана инвестицияларды коргоо боюнча кошумча чараларды кароо зарыл;
- мамлекеттик башкаруу органдары экологиялык талаптардын сакталышын контроль жүргүзүүнү, кен казып алуучу ишканалардын жетекчилеринин жоопкерчиликтерин жогорулатууга, экологиялык мыйзамдардын сакталышын үзгүлтүксүз текшерүүнү жана алардын жыйынтыгы боюнча коомчулукту маалымдоону ишке ашыруулары керек;
- мамлекеттик башкаруу органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кен казып алуучу ишканалардын жетекчилери менен биргеликте ишкананын ишинин айланасындагы келише албастык кырдаалдардын пайда болушуна жол бербөө боюнча системалык иштерди жүргүзүшү, жергиликтүү калктын социалдык жашоо шарттын жакшыртуу боюнча иштер жөнүндө дайыма отчет бериши керек.
- мамлекеттик башкаруу органдары инвесторлор менен өз ара аракеттенүүдө тармакты жөнгө салууну жакшыртуу жана мыйзамдарда так жазылбаган талаш-тартыш маселелерди чечүү үчүн колдонуудагы ченемдик укуктук базага талдоо жүргүзүшөт.


2.2.1.6. Транспорттук-коммуникациялык долбоорлор


Транспорттук тармак – бул өлкөнүн экономикасында негизги тармак.
Көп жолдор, өзгөчө ички жолдор кыйраган, айрым тоолуу райондордо кышкысын туруктуу транспорттук каттамдар жок. Бул биринчи зарылдыктагы товарларды жеткирүүдө жана жарандардын тиричилигин камсыз кылууда курч проблемаларды жаратат.

Тармак начар материалдык-техникалык камсыздоодон, каржылоонун жетишердик эместигинен, адистештирилген техниканын жана кадрлардын жетишсиздигинен улам проблемаларды башынан өткөрүп келет.
Кыргызстан шоссе жолдору эле эмес, темир жолдордун жана авиациялык каттам эл аралык транзиттик-транспорттук өтмөктөргө кошулууга өтө муктаж. Өлкө азырынча өзүнүн пайдалуу географиялык абалын эл аралык маанидеги ири авиа түйүнгө айлантуу үчүн пайдаланган жок. Транспортту өнүктүрүү башка өлкөлөр менен көбүрөөк экономикалык алакалашууга, товарлардын экспорттоонун өсүшүнө, инвестициялардын келүүсүнө, туризмди өнүктүрүүгө, пайдалуу кендерди өздөштүрүүгө көмөк көрсөтөт.
Транспортту өнүктүрүү үчүн төмөнкү чаралар ишке ашырылат:
- терминал, склад жана өндүрүш комплекстер түрүндө коштоочу инфраструктураларды өнүктүрүү менен Евразиялык континенттин батышын жана чыгышын бириктирүүчү темир жол магистралдарын куруу;
- жарандык авиация тармагында мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана аба байланышы борборлорунун эл аралык жана региондук түйүндөрүн өнүктүрүү максатында аэропорттордун инфраструктураларын куруу;
- маалыматтык технология тармагында “хаба” борбордук - азия курулушуна инвестицияларды тартуу;
- ири транспорттук долбоорлорго инвестицияларды тартуу боюнча эл аралык уюмдар, өнөктөш өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү;
- ремонтто жана региондордо транспорттук тармактарды жаңыртуу, тармактарды керектүү техника менен камсыздоо боюнча иштерди улантуу үчүн каражаттарды, анын ичинде кредиттик каражаттарды бөлүү.
Өзгөчө көңүл курулуп башталган (“Датка”, “Датка-Кемин”) жана ошондой эле келечектеги (“Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан” т/ж, (CASA - 1000”, “Балыкчы – Кочкор - Кара-Кече - Арпа” т/ж, “Ысык-Көл” жана “Ош”) инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышынын илгерилөөсүнө жана курулуштун бүткөрүлүшүнө бурулат.


2.2.1.7. Тышкы соода


Өлкөнүн тышкы соода саясаты Дүйнөлүк Соода Уюмунун нормаларына жана принциптерине, ошондой эле КМШ, ЕврАзЭС өлкөлөрү менен эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларга, соода жана ага байланыштуу маселелер боюнча эл аралык конвенцияларга негизделет.
2010-жылы Бажы союзун түзүү жана анын иштеши БСга мүчө мамлекеттер тарабынан Кыргыз Республикасына карата бажы чек араларын бекемдөөгө алып келди. Натыйжасында республиканын дүң базарларында соода активдүүлүгү төмөндөдү. Азыркы учурда кыргызстандык товарлардын БСга мүчө мамлекеттерге экспорттоонун кыскарып кетүү коркунучу бар. Республиканын инфраструктурасынын (сыноо лабораториялардын жабдылышы) системасын өнүктүрүү, продукциянын коопсуздугун жана сапатын камсыздоо планында чоң артта калгандык байкалууда.

Өкмөт республиканын БСга кирүү шарттарын макулдашуу процессинде өлкөдө өндүрүлүүчү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн ыңгайлуу экспорттоо шарттарын кабыл алууга жетүү үчүн бардык чараларды көрөт.
Экспортту илгерилетүү улуттук стратегиясы жана институттук инфраструктура жок. Экспортту илгерилетүүгө көмөк көрсөтүү үчүн төмөнкү чаралар ишке ашырылат:
- экспортту өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
- экспортту илгерилетүү боюнча ыйгарым укуктуу органды түзүү;
- экспорттоо үчүн арналган Кыргыз Республикасынын продукциясы үчүн мыйзамдуу деңгээлде талап кылынуучу официалдуу сертификат берүү (жана башка жол-жоболор) талаптарын, эгерде бул импорттоочу өлкөнүн мыйзамдарында каралбаса жокко чыгаруу;
- ишкерлерден импортту жана экспортту ишке ашыруу үчүн талап кылынуучу документтердин санын кыскартуу;
- тышкы соода чөйрөсүндө техникалык тоскоолдуктарды азайтуу жана “бирдиктүү терезе” принцибин ишке киргизүү боюнча иштер улантылат.


2.2.1.8. Региондорду, чек арага жакын райондорду өнүктүрүү


Региондордун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүндө, калктын кирешелеринде жана жакырчылык деңгээлинде олутту регионалдык айырмачылык сакталууда. Орточо айлык эмгек акынын тиричилик минимумуна орточо катышы Бишкек шаарында (2,36) жана Ысык-Көл облусунда (2,03) эң жогорку мааниге жеткен. Ош облусунда (0,99) бул көрсөткүчтөр эң аз мааниде.

Региондордун өнүгүшүндөгү айырмачылыктар артта калган региондордун эмгекке жарамдуу калкынын ийгиликтүү региондорго көчүп кетүүсүнө алып келүүдө. Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарында эмгек ресурстарына болгон муктаждык Бишкек шаарына жана Чүй облусуна караганда 5-10 эсеге төмөн. Бүгүнкү күндө Бишкек шаары жана Чүй облусу өлкөнүн региондорунан мигранттары көп келген зона болуп калды, негизинен Баткен облусунан – 25,7 пайыз, Нарын облусунан – 19,1 пайыз, Ош жана Жалал-Абад облустарынан тийштүүлүгүнө жараша 15,6 пайыз жана 15,0 пайыз болгон.

Региондордон калктын көчүп кетүүсүнүн натыйжасы жашаган жеринде квалификациялуу эмгек ресурстарынын жетишсиздиги жана жашоо үчүн региондун өзүнө тартуусунун төмөндөшү болууда, бул мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлдеринде кечиктирбестен таасир этүүнү талап кылуучу коркунучтуу “сигнал” болуп саналат.
Айтылган проблемаларды чечүү үчүн Өкмөттүн күч-аракети экономикада сапаттуу өзгөрүүлөр жана административдик-аймактык реформа аркылуу региондордун социалдык өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүгө, мамлекеттик башкарууну жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын реформалоого багытталат.
2012-жылдын аягына чейин региондорду комплекстүү өнүктүрүү үчүн жаңы Региондорду өнүктүрүү концепциясы иштелип чыгат, анын ишке ашырылуусу 2015-жылга Кыргыз Республикасына региондук экономиканын көрсөткүчтөрүнүн жай бирок стабилдүү өсүшү жана республиканын региондорундагы калктын жашоо шарттын көтөрүү үчүн шарттар түзүлгөн өлкө болууга мүмкүндүк берет.


2.3. Ыңгайлуу инвестициялык климат жана бизнес-чөйрө түзүү


Нормалдуу иш климатын камсыз кылуу, менчикке укукту коргоо жана кепилдик берүү боюнча шарттарды түзүү жана түз инвестицияларды тартуу – мунун бары экономиканын алгылыктуу тармактарын өнүктүрүү үчүн керектүү шарттар.
Өлкө өзүнүн инвестициялык өзүнө тартуусун жоготууда, көптөгөн эл аралык индекстер боюнча анын төмөндөшү белгиленген. Дүйнөлүк экономикалык форумдун маалыматтары боюнча 2012-жылы Кыргызстан дүйнөлүк соодага катышуу рейтингинде 110-111чи орунду ээлейт.
“Doing business 2012” рейтинги боюнча Кыргызстан 70и орунду ээлейт, бул жалпы дүйнөлүк өлкөдө бизнес жүргүзүү рейтингинде начар позиция жөнүндө күбөлөндүрөт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары инвесторлорду тартпастан аларды качырып жатышат, ал эми кээде ачык эле опузалоону колдонушат.
Кыргыз Республикасында бизнес-чөйрөнү өнүктүрүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу бири-бирин толуктоочу төмөнкү эки максатка жетүү багытында ишке ашышы керек:
- ата-мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлорду чарбалык ишин ишке ашырууда жана инвестициялык чечимдерди кабыл алууда дем берүүнүн жогорку деңгээли менен камсыз кылуу;
- бизнес-чөйрөнү тышкы инвестициялардын көбөйүшү үчүн туруктуу атаандаштык артыкчылык факторуна айлантуу.
Өкмөт тарабынан төмөнкү чаралар көрүлөт:
- рейдерликке жана менчикке айландырууга каршы аракет кылууга багытталган ченемдик укуктук актылардын топтомун кабыл алуу, сот чечимдеринин тууралыгын камсыздоо боюнча чечимдерди кабыл алуу;
- бизнес жана экономика менен байланышкан эл аралык рейтингдерде позицияны сактоо жана жакшыртуу үчүн үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү, мониторинг жүргүзүүдө белгилүү болгон проблемалуу маселелерди четтетүү боюнча оперативдүү чечимдерди кабыл алуу;
- администрациялык жол-жоболорду электрондук документ жүгүртүүгө которуу;
- арыздарды кароону камсыз кылышпаган мамлекеттик органдардын кызматкерлерине жазаны катуулатуу;
- салык отчетун берүү тартибин жөнөкөйлөтүү жана тездигин азайтуу;
- коммерциялык талаш-тартыштарда бейтарап соттордун чечимин жана ролун күчөтүү үчүн Кыргыз республикасынын Граждандык кодексине жана башка мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү;
- курулушта, инфраструктуралык долбоорлордо, медицинада, билим берүүдө, туризимде мамлекеттик-менчик өнөктөштүк институтун өнүктүрүү;
- салык салууну жөнөкөйлөтүүнү жана салык жүгүн кыскартууну караган фискалдык реформанын концепциясын иштеп чыгуу;
- лицензиялардын жана уруксат берүүлөрдүн санын кыскартуу боюнча мыйзам долбоорлорду иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешке киргизүү;
- тизмеге адамдын жана курчап турган чөйрөнүн коопсуздугу үчүн потенциалдуу коркунучту болжолдогон аталыштарды гана киргизүү менен милдетүү түрдө сертификат берилүүгө тийиш продукциялардын тизмесин жана шайкештик декларациясын кыскартуу;
- отчеттуулукту жөнөкөйлөтүүнү жана ачык-айкындыкты жогорулатууну караган камсыздандыруу чегерүү системаларын реформалоо;
- алдынкы эл аралык стандарттарга жана коопсуздук эрежелерине ылайык жаңы техникалык регламенттерди иштеп чыгуу жана кабыл алуу.


2.4. Жашоо үчүн татыктуу шарттарды түзүү


Акыркы үч жылда жакырчылык деңгээли 2 пайызга өскөн жана 33,7 пайызды түзгөн. Бүгүнкү күндө мамлекет бюджеттин чектелүү ресурстарын натыйжалуу эмес бөлүштүрүүдө, социалдык жардамдын даректүүлүгү толук камсыздалган эмес. Мамлекеттик колдоого муктаж жарандарды колдоо жетишсиз болууда. Мамлекет коргоого тийиш болгон жарандардын категориясын конкреттүү жана так аныктоо зарыл жана аларга жөн гана жарыялап койбостон, чыныгы социалдык жардам жана коргоо көрсөтүү керек.
Өлкөдөгү адамдык потенциалды жакшыртуу, эки социалдык маанилүү секторду: саламаттык сактоону жана билим берүүнү жакшы иштетүү реформаны ийгиликтүү жүргүзүүнүн негизги шарты жана көрсөткүчү болуп калышы керек.
Саламаттык сактоо чөйрөсүндө бардык көрсөткүчтөр боюнча абалдын начарлашы байкалууда. Бир нече жыл бою балдардын өлүмү өсүүдө, өнүккөн өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрүн бир нече эсе жогорулатуучу энелердин өлүмү жогорку деңгээлде калууда.
Официалдуу эмес төлөмдөрдөн жана жогорку деңгээлдеги тең төлөмдөн улам көптөгөн үй бүлөлөр үчүн саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүлөрүн алуу кыйынга турууда. Коом жарандарга медициналык-санитардык жардам алууда берилүүчү укуктар жөнүндө, ооруларды алдын алуу жана ден соолукту коргоо маселелери тууралуу начар маалымдалган.
Билим берүү мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын өтө көп керектөөчү болуп саналарына карабастан коом тарабынан коюлган зарыл талаптарга жана сурамдарга жооп бербейт. Балдардын базалык билимди алуусу уламдан-улам азайып жатат. Алсак, расмий маалыматтар боюнча билим берүү чөйрөсүндө мектепке 2,9 пайыз бала жана 3,7 пайыз кыз келбейт. Мунун бирден бир себеби үй-бүлөдөгү балдардын билим алуусуна бөгөт болуп жаткан жакырчылыктын күчөшү эсептелет.
Жогорку жана кесиптик билим берүү системасы эл аралык деңгээлде атаандаштыкка ээ болууга жана жашоонун татыктуу деңгээлин камсыз кылууга квалификациянын зарыл деңгээлин алууга мүмкүндүк бербейт.
Калктын басымдуу бөлүгүн турак-жай менен камсыз кылуу проблемасы өтө курч турат. Социалдык камсыздоо каржылоонун жетишсиздигинен жана аны даректүү бөлүштүрүүнүн начар натыйжалуулугунан жабыркап келет.
Экономикалык өнүктүрүү биринчи кезекте бул проблемаларды чечүүгө багытталышы керек. Ар бир жаранга өлкөнүн келечегинде татыктуу орун камсыз кылынышы керек.


2.4.1. Саламаттык сактоо


Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын көтөрүү үчүн Өкмөт төмөнкү чараларды көрөт:
- жашаган жерине карабастан акысыз медициналык жардамдын кепилдикке алынган көлөмүнүн чегинде медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү жана дары-дармек каражаттарын бирдей алууну камсыздоо;
- калктын жеке формалдуу эмес төлөмдөрүнүн деңгээлин төмөндөтүү;
- клактын, балдардын жана энелердин өлүмүн кыскартуу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу;
- жарандарда сергек жашоого умтулууну калыптандыруу;
- жеке менчик жана мамлекеттик – жеке менчик медициналык борборлорду өнүктүрүү, медициналык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө атаандаштык чөйрөнү түзүү;
- жарандарга менчиктин түрүнө карабастан ММКФны пайдалануу менен врачты жана медициналык уюмдарды эркин тандоо мүмкүнчүлүктөрүн берүү;


2.4.2. Билим берүү


Социалдык адилеттүүлүк, мүмкүнчүлүктөрдүн бирдейлиги биздин жарандар үчүн билим берүүнүн жекиликтүүлүгү жана саптыты менен аныкталат.
Өкмөттүн алгылыктуу милдеттери төмөнкүлөргө багытталат:
Мектепке чейинки жана орто билим берүү;
- мектепке чейинки жана орто билим берүү, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде болгон кемчиликтерди жоюу;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балдарды каттоого алуу жана аймактагы мектеп курагындагы бардык балдарды милдеттүү түрдө окутууну камсыз кылуу;
– билим берүүнүн сапатынын көрсөткүчтөрүн, ошондой эле мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн ден соолугунун жакшыртуу;
– мектептик билим берүүнүн инфраструктурасын эмес, ар бир окуучуну даярдоого кеткен чыгымдарды каржылоо;
– мурда башталган мектептердин курулушун аяктоо үчүн каражаттарды бөлүү;
– балдарды коңшу мектептеге жеткирип-кайра алып келүүнүн маселелерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечүүсүнүн зарылдыгы;
– аз комплектүү мектептердин имараттарын алардын базасында бала бакчаларын жана жаштардын сабаттуулугун көтөрүү үчүн башка мекемелерди ачуу менен кайра профилдөө;
– борбордук органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктарды так чектөө үчүн мыйзамдарды өркүндөтүү;
– билим берүү кызматтарын көрсөтүү чөйрөсүндө кесипкөй менеджерлерди даярдоо.
Баштапкы жана орто кесиптик билим берүү:
– жумуш берүүчүлөрдүн реалдуу муктаждыктарын эске алуу менен квалификациялык эмгектин жумушчуларын жана орто звенодогу адистерди даярдоо;
– кадрларды даярдоого жана окутууну каржылоого бизнестин катышуусун кеңейтүү.
Жогорку кесиптик билим берүү:
– жумшалган каражаттарды мамлекетке кайтарып берүүгө чейинки катуу талаптарды бюджеттик каражаттардын эсебинен окугандар үчүн киргизүү;
– ЖОЖдордун санын кыскартуу;
– билим берүүчү, илимий жана практикалык ишти интеграциялоону камсыз кылуу.


2.4.3. Социалдык коргоо


Аз камсыз болгон калкты социалдык колдоо даректүү социалдык жардамга жана туруктуу, продуктивдүү ишке көмөк көрсөтүү жолу менен калктын кирешелеринин деңгээлин көтөрүүгө негизделет.
Ар бир пенсионер татыктуу жашоого тийиш. Бул үчүн Өкмөт пенсиянын өлчөмүн жашоо деңгээлине чейин жеткирүү боюнча ишти улантат. Пенсиялык системаны өркүндөтүү боюнча ишти жүргүзүү, пенсиялык камсыздоонун бирдиктүү концепциясын иштеп чыгуу зарыл. Мындай иш пенсиялык системанын бардык деңгээлдеринде адекваттуу жана социалдык адилеттүү өлчөмгө өтүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Өкмөттүн негизги артыкчылыктары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
– социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын жаңы стандарттарын жана алардын наркын, өзгөчө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана улгайган адамдар үчүн иштеп чыгуу;
– көрсөтүлүп жаткан социалдык кызматтардын даректүүлүгүнүн маселесин чечүү үчүн борбордук органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин бөлүштүрүү;
– социалдык кызматкерлерди, биринчи кезекте эмгек акынын адекваттуу деңгээли аркылуу дем берүү;
– пенсиялык саясаттын жана социалдык коргоо чөйрөсүндөгү саясаттын шайкештигин камсыз кылуу;
– ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын инфраструктура обекттерине, имараттарга кирүүсүн камсыз кылуу жана аларды иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү маселеси боюнча нормативдик талаптарды аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү;
– мамлекеттик-жеке өнөктөштүк социалдык чөйрөдөгү программаларды ишке ашыруунун маанилүү механизмдеринин бири болуп калууга тийиш;
– социалдык чөйрөнүн мекемелеринин ишин баалоонун көз карандысыз системасын түзүү;
– бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине эмгек акыны алар көрсөткөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапатына жараша төлөп берүү.



0
Обновлено 28.02.2013 10:56
 
Интересная статья? Поделись ей с другими:

Календарь

2024
Марта
MoTuWeThFrSaSu
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031

Баннеры

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Обратная связь

Разместить в социальных сетях



Государственно Агентство Связи
при ГКИТиС Кыргызской Республики

xporn1.com